Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын доо арызын канааттандырды. Башкы
прокуратура «Заноза» басылмасы жана укук коргоочу Чолпон Жакупова президенттин
кадыр-баркына шек келтирди деп, сотко кайрылган болчу.
Президенттин баркы бул арызда 9 миллион сомго бааланган. Эми интернет басылманын
негиздөөчүлөрү Нарын Айып менен Дина Маслова жана укук коргоочу, Жогорку
Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова 3 миллион сомдон төлөп бериши керек.
Булак: “Фабула”