ЖАКТООЧУ: “ЭМНЕ, ӨЛГӨН КИШИНИ ӨЛҮП ЖАТКАН ЖЕРИНЕН ТУРГУЗУП КЕЛИП ТЕРГӨӨГӨ ТАРТЫШТЫБЫ?”

Жактоочулар «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда айыптоочу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү тергөөдө да, сотто да далилденген жок”, – деп билдиршти.

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Сотто өтүп жаткан жараянда Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова карата райондук жана шаардык сот мыйзамды бузуу жолу менен өкүм кабыл алганын, иш материалдарда көрсөтүлгөн фактылар жана  «маркум Талант Маматкеримовго Текебаев Маевскийден акча алып келүүнү буйрук берген» деген маалымат далилденбегенин айты.

Жактоочунун айтымында, иш материалда Текебаев Маматкеримов менен телефон аркылуу байланышып, ага Маевскийден 1 миллион доллар алууну тапшырган деп жатат. Бирок бул далилденген эмес.

– Маматкеримов каза болуп калгандыктан тергөөгө тартылган эмес. Эмне өлгөн кишини өлүп жаткан жеринен тургузуп келип тергөөгө тартыштыбы? Ал тергөөгө тартылбаса тергөөчүлөр андай бышыктоону кайдан алды? Ошондуктан “Текебаев ага буйрук берген” деген нерсе далилсиз“, – деди Жакупбекова.

Ал эми Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочусу Марат Эшперов күбө Базаркуловдун жана Абдрахмановдун көрсөтмөлөрү жоромолго, божомолго, имиш сөздөргө негиздилген жана тергөөдө, сотто далилденген жок деп билдирди.

– Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыптоо тарабынанАбдрахмановдун көрсөтмөлөрүн тастыктаган далилдеркелтирилген жокӨмүрбек Абдрахманов өзүнүнкөрсөтмөлөрүндө 1 миллион доллар жөнүндөгү маалыматтытак айта албастыгынЖогорку Кеңештеги ушактардан уламайтып жатканын көрсөткөн-деди Эшперов.

Эске салсак, “Мегаком” уюк байланыш компаниясы үчүн орус жаранынан 1 миллион доллар пара алган деген айып менен Чотонов жана “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев быйыл жазында кармалып, ар бири сегиз жылга кесилишкен. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун мындай өкүмүн шаардык сот күчүндө калтырган. Ал эми Текебаев менен Чотонов өкүмдү оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн бийликтин куугунтуктоосу деп атап келе жатышат. Ишти козгогон Башкы прокуратура мындай айыптоону четке каккан.

Белгилей кетсек, 19-октябрь күнү  «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев №1-СИЗОдон №47-түзөтүү колониясына, ал эми  экс-министр Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27-түзөтүү колониясына которулган.

Ал эми иш 20-ноябрдан тарта Жогорку Сотто жактоочуларынын көзөмөл арызынын негизинде карала баштады.

Өмүрбек Абдрахманов мурда “Ата Мекен” партиясынан ЖК депутаты болгон. 28-июнда сотто көрсөтмө берип жатып ал Текебаевдин иш бөлмөсүндө чоочун кишилерди көргөнүн, бирок ал жерде 1 миллион доллар тууралуу укпаганын айтып, жолугушуу качан болгонун так эстей алган эмес.

Азат Базаркулов “Мегаком” компаниясынын жетекчиси.

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу