Жактоочу: «Кыргыздын тарыхында мындай кадам биринчи жолу болуп жатат. Жабырлануучу Каптагаев күнөөлөнүп жаткан Жапаровду актоо боюнча арыз жазды»

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун камалышы боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимине нааразы болгон жабырлануучу Эмил Каптагаевапелляциялык даттануу менен сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KGпорталына Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

«Садыр Жапаровдун 11 жыл 6 айга камалышына нааразы болгон Каптагаев соттун өкүмү негизсиз деген жүйө менен апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Анын арызында «Садыр Жапаровдун күнөөсүн көрсөтө турган далилдер айтылган жок. Ошондуктан Жапаровду актоону суранам» деп жазылган. Жабырлануучу делген Каптагаевдин мындай кадамы Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Анткени буга чейин тарыхта жабырлануучу тарап эч качан күнөөлөнүп жаткан тарапты актоо боюнча арыз жазган эмес», — деди Токтосунов.

Эске салсак, Садыр Жапаров ушул жылдын 2-августунда 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Булак: Супер.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу