Жай мезгилинин пайдалуу жемиштери


Кара бүлдүркөндүн курамында марганец көп кездешет. Ал сөөктү бекемдейт.

Тыт


Бул жемиштин курамында жүрөккө пайдалуу полифенолдар көп. Ал кан-тамырларга жакшы таасир берет. Ошондой эле, С витаминине, кальцийге, марганец менен темирге бай.

Кара бүлдүркөн (ежевика)

Анын курамында була (клетчака), С, К витамини, фолий кычкылы, марганецти кезиктире алабыз.

Бүлдүркөн (малина)

Бүлдүркөндүн курамында була көп. Курамынын 20 пайыздан көбү буладан турат. Ошондой эле, С, В витамини, фолий кычкылы менен магнийге, цинк менен темирге бай.

Кулпунай

Кулпунайдын курамында С витамини бар. Андан башка була, магний, фолат, калий көп болот.

 

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу