Жайында эмнеге стресске көп кабылабыз?

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, адамдардын тынчсыздыгынын белгиси башка мезгилге карганда жайында көп байкалат. Кышында уйкуга жакын болсок, жайында организм чектен сырткары иштей баштайт. Бул тууралуу “mixnews.lv” сайтына шилтеме берип “NUR.KZ” порталы маалымдайт.

Жайкы стресстин белгилери :

Жумушка болгон кызыгуунун төмөндөшү

Көп толкундануу

Тынчсыздануу

Табиттин жоктугу

Салмак жоготуу

Көп сүйлөбөө

Уйкусуздук

Ачулануу

Көпчүлүк адамдардын маанайын качырган – аба температурасынын көтөрүлүп кетүүсү. Бир күнгө бир нече ишти жасоону пландаган адамдар аптаптуу ысыкты сезгенде көңүлү түшүп, шайы кетип, жумушка деген активдүүлүгү төмөндөйт.

Ушундайча күндүн ысышынан, жумуштун баары түндө башталып аз уктоого туура келет. Күн тартибинин өзгөрүшү, уйкусуздук, жумушка деген салкын маанай, көңүлдүн жоктугу акыр-аягында стресске алып келет.

Стресстин башкы себептеринин бири – сырткы келбетке көңүлдүн толбошу. Күн ысык кезде көпчүлүк калың кийинбери талашсыз. Ал эми кээ бири сууга түшүүгө арналган кийим менен же болбосо жеңил, кыска көйнөктөрдү кийүүдөн ыңгайсызданышат. Мындай адамдар башкалардан уят болот деген ой менен стресске кабылышат.

Стресстен кутулуунун жолдору

Стресстен кутулуш үчүн алгач эле уйкуну иретке келтирүү керек. Сыртта аябай ысык болсо да, спорт менен машыгууну токтотпоңуз. Машыгуу – денени сергек кармайт.

Стресстен кутулуш үчүн төмөндөгү кеңештерге кулак салыңыз:

Салкын, желдеткичтер бар жерде жүрүүгө тырышыңыз;

Эмгек өргүү алып, саякатка чыгыңыз;

Жер-жемиштерди көп жеп, сууну көбүрөөк ичиңиз;

Маанайыңызды ар түрдүү ыкмалар менен көтөрүңүз;

Психологтун жардамынан баш тартпаңыз;

Тамактанууну, уйкуну иретке келтириңиз.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу