Жайында сууну кандай туура ичиш керек?

Жайында организм тез суусап турат. Бирок суу ичкен кезде биз жиберген катачылыктар да бар. Аларга токтоло кетсек:

Дароо жутуп жиберүү

Сууну дароо жутуп жибергенде сиңбей калат. Суу сиңимдүү болуп, суусунду кандыруу үчүн ар бир 15 мүнөт сайын 3-4 жутум суу ичиш керек.

Муздак суу ичүү

Суу клеткага сиңиш үчүн суунун температурасы дене температурасы менен бирдей болушу кажет. Ал эми муздаткычтан алып чыгып ичкен суу суусунду кандырбайт.

Жалаң гана таза суу ичүү

Суу организмге сиңимдүү болуш үчүн жалаң гана таза суу эмес, минералдуу сууларды ичип турган жакшы. Минералдын деңгээли 0,9 г/л болгон сууну гана күнүнө эки стакан ичкен оң. Бирок дарыгер менен кеңешкен жакшы.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу