Видео — Кара-Суудагы эр таймаш: Канга боёлгон октагон, реванш сураган кыргыз жана өзбек мушкерлери

Өткөн ишемби — 11-август күнү эрежесиз эр уруштун сүйүүчүлөрү кайталангыс учурларга күбө болушту. Тактап айтканда, Кара-Суу шаарындагы борбордук Манас стадионунда 4 мамлекеттин мыкты делген мушкерлеринин катышуусунда эрежесиз эр уруш боюнча «WEF» уюму уюштурган мелдеш болуп өттү. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын 57 кг салмактан 100 кг салмакка чейинки жалпы 100гө жакын мушкерлери катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жашыл талаага орнотулган октагон (8 бурчтуу мушкерлер мушташуучу жай) чогулгандардын көңүл борборунда болду. Анткени саналуу мүнөттөн кийин дал ошол жерде беделдүү мушкерлердин кандуу кармашы башталуу алдында турган. Беттештердин алгачкысы башталганга чейин стадионго миңдеген спорт сүйүүчүлөр чогулду.

Бир нече жылдан бери Кыргызстандын булуң-бурчунда спорт сүйүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан беттештерди уюштуруп келе жаткан Бүткүл дүйнөлүк кулатуу, эр таймаш (WEF) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулганын айтты.

«Биздин федерация 60-мелдешин өткөрүп жатат. Мен ойлойм, бул жаатта биздин федерация Орто Азияда биринчи орунда турат. Мындай мелдешти Кара-Суу шаарында 2 жыл мурун өткөргөнбүз. Анда дагы спорт сүйүүчүлөр абдан көп келген. Быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ушул жылдын ичинде мындай беттештерди Кыргызстандын ар бир облустарында өткөрүп келе жатабыз. Учурдагы мелдештин башкалардан айырмачылыгы 60 спортчу катышып, 30 мелдеш өткөнүндө. Негизи эле Ош облусунда спорт клубдар көп түзүлгөн. Спортчулардын саны да арбын болуп саналат. Мелдешке конок болуп келген Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандан келген спортчулар биздин спортчулар менен беттешип, кимиси мыкты болору аныкталат. Биз мелдештерди жөндөн-жөн өткөрбөйбүз. Биздин мелдешке катышкан ар бир спортчунун аты-жөнү Америкадагы «Шердок» порталынын дүйнөлүк жаңылыгында жазылып турат», — деди Р.Кыдырмышев.

Ал эми бул мелдешке Кара-Суу районунан 20 мушкер катышты. Райондун спорт комитетинин төрагасы Зайырбек Эшмаматов райондо спорттун ушул түрү менен машыккан спортчулар көп экенине токтолду.

«Мелдешти «WEF» уюму менен биргеликте уюштурдук. Албетте бул чоң мелдеш. Кара-Суу районунда спорт абдан өнүккөн. Айрыкча спорттун ушул түрү боюнча райондо спортчуларыбыз абдан көп. Алар көптөгөн мелдештерде ийгилик жаратып жүрүшөт. Бүгүнкү мелдешке райондон 20 спортчу катышып жатат. Мен ойлойм, мындай беттеш Кара-Сууда биринчи жана акыркысы эмес. Мындан кийин дагы спорттун ушул түрү боюнча, башка түрү боюнча дагы турнирлерди өткөрөбүз. Бул жаатта райондук спорт комитети ар дайым жакшы иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар», — деди З.Эшмаматов.

Белгиленген убакыт жетип, октагонго чыккан алып баруучунун «Биз баштайбыз!» деген сөзүнөн кийин көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жаткан мелдеш старт алды.

Рингге чыга турган алгачкы жуп 61 кг салмактагы мушкерлер болуп, калыстардын бирден берген упайы менен Билимбек Жаныбек уулу алгачкы беттешти жеңиш менен баштап берди. Беттештер ар түрдүү салмакта уланып, мушкерлер 2 раундда мушташып жатышты.

Экинчи жуп 67 кг салмакта болуп, рингге Токторбай Жусуп уулу менен Сүймөнкул чыгышты. Күйөрмандар күткөндөй эле мушкер тең активдүүлүгүн көргөзүп, бири-бирине оор соккуларды узатышты. Беттештин жыйынтыгында калыстардын упайы менен Токторбай Жусуп уулу жеңүүчү болду.

Жалпысынан мелдеште 3 салмакта 3 кубок ойнотулуп, 3 салмакта жеңүүчү болгондор кубокторго татыктуу болушту. Ал эми 3 кубоктун бирин өзбек мушкери ээлеген.

Алар:

— 57 кг салмакта Рамазан Маматазим уулу кубокко ээ болсо;

— 77 кг салмакта Саидумар Авазкан уулу кубокко татыды;

— ал эми 84 кг салмакта өзбек мушкери Ислам Камалдинов кыргыз мушкерин жеңип кубок алып, оюнду жыйынтыктады.

Мелдештин жүрүшүндө жеңилүү ызасын тартып калган кыргыз жана өзбек мушкерлери атаандашы менен кийинки беттешти уюштуруп берүү үчүн реванш алышты. Мындай тариздеги мелдеш сентябрь айында Кара-Кулжа районунда уланмай болду.

Спорт сүйүүчүлөр арасындагы мелдеште жеңүүчү болгондор:

— 61 кг салмакта Билимбек Жаныбек уулу, кыргыз мушкери;

— 67 кг салмакта Токторбай Жусуп уулу, кыргыз мушкери;

— 70 кг Тургуналы Абдуллаев, кыргыз мушкери;

— 66 кг салмакта Фазлиддин Кенжаев, өзбек мушкери;

— 60 кг салмакта Руслан Кудайберди, кыргыз мушкери;

— 77 кг салмакта Али Бакиров, кыргыз мушкери;

— 84 кг салмакта Убайдулла Токтобаев.

Мелдеште жеңүүчү болгондор:

— 66 кг салмакта Руслан Рыскул уулу, кыргыз мушкери;

— 80 кг салмакта Максат Жолдош уулу, кыргыз мушкер;

— 66 кг салмакта Нурманбет Аскарбаев, кыргыз мушкери;

— 77 кг салмакта Мелис Тойчубеков, кыргыз мушкери;

— 57 кг салмакта Бекзат Сапаров, кыргыз мушкери;

— 57 кг салмакта Нурболот Аскарбек уулу, кыргыз мушкери;

— 57 кг салмакта Молдояр Эшмамат уулу, кыргыз мушкери;

— 70 кг салмакта Ажыкул Равшан уулу, кыргыз мушкери;

— 93 кг салмакта Дастанбек Маматов, кыргыз мушкери;

— Арген Талантбеков, кыргыз мушкери;

— 70 кг салмакта Жумадил Капар уулу, кыргыз мушкери;

— 61 кг салмакта Алманбек Абдувасит уулу, кыргыз мушкери;

— 77 кг салмакта Жакшылык Темирбек уулу, кыргыз мушкери;

— 70 кг салмакта Данияр Кулбаев, кыргыз мушкери;

— 70 кг салмакта Мыктыбек Оролбай уулу, кыргыз мушкери;

— 70 кг салмакта Темирлан Бакберген уулу, кыргыз мушкери;

— 93 кг салмакта Махмуд Абдукадыров, кыргыз мушкери;

— 70 кг салмакта Данияр Жумабаев, кыргыз мушкери;

— 70 кг салмакта Эрзат Зайырбек уулу, кыргыз мушкери;

— 57 кг салмакта Рамазан Маматазим уулу, кыргыз мушкери, кубок алды;

— 77 кг салмакта Саидумар Авазкан уулу, кыргыз мушкери, кубок алды;

— 84 кг салмакта Ислам Камалдинов, өзбек мушкери, кубок алды.

Булак: Турмуш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу