Жайкы Азия оюндары: Бүгүн балбан Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыгат (күндүн программасы)

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын 2-күнүндө 29 медалдар топтому ойнотулат. Кыргыздын спортчулары оор атлетика, эркин күрөш, ок атуу, сууда сүзүү боюнча мелдештерге катышат.

Футбол боюнча курама команда тайпалык баскычтагы акыркы беттешин Түштүк Корея менен өткөрөт. Ал эми волейбол боюнча курама команда бүгүн, 20-августта өзүнүн алгачкы беттешин Сауд Арабиясына каршы ойнойт.

Сууда сүзүү

Саат 8:00дө

100 метр аралыкка эркин сүзүү — Елизавета Рогожникова;

Волейбол

Саат 9:00дө

Сауд Арабия — Кыргыз өлкөсү;

Ок атуу

Саат 9:30да

Тумар Касмалиева

Анастасия Щуковская;

Эркин күрөш

Саат 12:00дө

62 килограммга чейинки салмак ченинде — Айсулуу Тыныбекова;

Оор атлетика

Саат 13:00дө

42 килограммга чейинки салмак ченинде — Жаңыл Окоева;

Футбол

Саат 18:00дө

Түштүк Корея — Кыргыз өлкөсү;

Ушу-саньда

Саат 18:00дө

65 килограммга чейинки салмак ченинде. Жарым чейрек финал

Канатбек Абдуганиев (Кыргыз өлкөсү) — Акмаль Рахимов (Өзбекстан).

Булак: Super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу