Жаз айында тамактануу эрежелери…

Жаз айы келери менен оорулар козголуп, алсыздануу, бат чарчоо жана депрессияга учурайбыз. Кышкы сууктан кийин жаз айларында кандай туура тамактануу керек?

Жаз айларында эртең менен тургандагы тамактануу абдан маанилүү экендигин адистер эскертет. Ал үчүн таңкы тамакка: жумуртка, сыр, бир кашык бал жана ак нан жеген ден соолукка абдан пайдалуу. Өзгөчө эртең мененки тамактанууда мөмө-жемиштердин согун ичкенден көрө, анын ордуна алардын өзүн жеген абдан жакшы натыйжа берет.

Аз жана бат-баттан жегенге көнүңүз!

Ден соолукта тамактануунун сыры аз, бирок бат-баттан тамак жеш керек. Узак убакытка чейин ачка жүрүү кандагы канттын азаюсуна себеп болот. Дал ошол себептен улам бизде бат чарчоо, стресс, баш айлануу пайда болот. Мындай абалга кабылбоо үчүн, ар бир эки саат аралыкта тамактанып туруу керектигин адистер айтат.

Буга кошумча айран, сүт тамак-аштарын дагы таң эртең менен колдонуу биздин организмге абдан пайдалуу. Витаминдүү мөмө жана жашылча жемиштерди жана алардан жасалган салаттары колдон келсе көбүрөөк колдонуңуз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу