Жазуучулардын ырыскысын уурдаган Атамбаев

Кыргыз жазуучуларын азыр караган жок. Ар кимиси өз арабасын тартып жүрөт. Жазуучулар Союзу деген аты эле болбосо, ага жардам берген адам көрүнбөйт. Азыркы турган имараты дагы ижара болгондуктан, ижара акысын төлөй албай жүрүшүптүр. Кыргызстандын тарыхында жазуучуларды пайдаланып Атамбаев гана доллар менен миллионер болгон. Жазуучулардын эсебинен “Нооруз” деген ресторанды алып, жазуучулардын Арашандагы чыгармачылык үйүн менчиктеп, жазуучуларга деп келген 50 млн рублге заводдорду сатып алган. Ошол адам колунан баары келип турганда «Жазуучулардын арты менен байлык топтодум эле. Аларга делген үйдү менчиктеп алгам. Акчасын алып заводдун кожоюну болгом.

Ушуларга жакшылык кылып бир имарат салдырып берейин» деген жок.

Ушул идеяны колдосо азыр деле кеч эмес. Бир имаратты сатып берүү ал үчүн көп каражат эмес.

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу