Жазгүл: «Төшүмдү чоңойтконум үчүн жигитим таштап кетти…»Эми эмне кылсам?

Пластикалык операция дайыма эле жакшы жыйынтык бербеси дүйнөлүк практикада көп эле кездешет эмеспи. Кийинки учурда мындай операциялар биздин өлкөдө да жасасалары тууралуу көптөн бери маалыматыбыз бар. Бул операциянын ден-соолуктан тышкары жеке турмушка да терс таасири тийерин баса белгилеп кетмекчибиз. Эмесе башкаларга сабак болуш үчүн төмөндөгү окуяны жарыялап коюуну туура көрдүк. —Жашым 23тө.Өзүмдү кара далы сезип калганыма жыл айланып калганда, мен күткөн бакыттай сезилип Бакыт деген жигит менен жылдызым келишип, экөөбүздүн сөзүбүз бүтүп, баш кошмой болдук. Анан жигитиме жакшы белек кылыш үчүн үлпөт тоюбузга аз калганда операция аркылуу төшүмдү чоңойтком. Эми мен бул кылыгым үчүн өмүр бою өкүнө турган болдум окшойт…Бакыт менен шаардагы ресторандардын биринде таанышкам. Биз бир жыл сүйлөшүп жүрдүк. Ал менин колумду сураганда мен дароо макул болдум. Тойду күз айларына белгиледик. Ошентип тойго даярдануунун түйшүктөрү башталды. Өзүм кыздар менен батирде жашачумун. Мен жашаган жерге жакын эле жерде таежем жашачу. Ал мыкты пластикалык операция жасаган хирург эле. Таежем мага «төшүңдү чоңойтум берем, ден-соолугуңа эч кандай зыяны болбойт. Ата-энеңе бул тууралуу ооз ачпай эле коёлу» деп көндүрдү. Мен макул болдум. Ошентип операция аркылуу төшүмдү чоңойтуп алдым. Бирок анымды көп өнтпөй жигитим байкап койду. Ал мындайча болду. Бир күнү адаттагыдай эле экөөбүз кечке маал паркта сейилдеп жүргөнбүз. Айланага күүгүм кирип калгандыктан экөөбүздөн башка эч ким жок эле. Махабатка балкыган Бакыт экөөбүз ошондо бир аз аймалашып калдык. Ал төшүмө колун сойлотуп, ошол замат кайра тартып алды. Андан соң ал мени катуу урушуп: “Сенин төшүң мындай эмес эле го?..Эмне жасалма төш менен мага ырахат тартуулагың келди беле?!. Сенин бул кылыгың бир гана мага эмес Кудайга да жакпайт! Эмесе бактылуу бол! деп колун шилтеп артын карабай басып кетти. Ошол окуядан кийин ал мени биротоло таштап кеткенин билдим. Уюлдук телефонунун номерин да өзгөртүп салыптыр. Ошентип, жеңил ойлуулугумдун айынан жеке эле жигитиме эмес, мени тааныгандардын баарына жек көрүндүм. Баарынан жаманы-үлпөт тойдун датасын белгилеп, баарына айтып койгонубуз болду. Бизди туугандар да, достор да жаман көрүшүп, катуу талкууга алышты. Таежем болсо өзүн күнөөлүү сезип калды. Бирок мен ага анча деле таарынган жокмун. Анткени, чечимди өзүм кабыл алдым да. Болоору болду… Жигитимдин алдында менин абийирим таза. Кыязы, ал мени кыйратып деле сүйбөсө керек. Учурда сүйүүсүн арнап артымдан чуркаган жигиттер көп… Бирок мен Бакытты эмнегедир унута албай койдум. Жалгыздык жанга батканда төшүмө операция жасап берген баягы таежем менен көп урушчу болдум. Эгер ал мага операция жасабаганда анда баары жакшы болот беле?.. Жакшы болгону курусун. Учурунда операциянын жыйынтыгы жакшы болгондой сезилди эле. Эми болсо жума сайын дарыгердин көзөмөлүндө боло баштадым… Дарыгерге төлөгөндөн тышкары дар-дармекке мурда топтоп жүргөн акчамдын баары кетти. Ден-соолуктун айынан жумушума эки жума баралбай калган элем. Бир күнү эптеп барсам, менин ордума башка бирөөнү алып коюшуптур. Кыларга ишим жок жүргөнүм үчүн батирде чогуу жашаган кыздардын да мага жасаган мамилеси эмнегедир өзгөрө баштады. Буга чейин Бакыт менен ээрчишип жүргөн бактылуу күндөрүм азыр мага бир көргөн туш сыяктуу эле сезилип калды. Угушума Караганда ал башка кызга үйлөнүп алган экен. Аны укканда тагдырыма нааразы болуп көзүмдүн жашын көлдөтүп үч күн эс-мас абалда жүрдүм. Ага чейин сүйгөн адамынан биротоло айрылуу кандай болоорун эч билген эмесмин. Мурда тааныштарым айтса, “кантип эле ошондой болсун?” •} деп күлүп эч маани берчү эмесмин. Качан гана өз башыма келгенде эми минтип билип жатпаймынбы. Аттиң… Эми кеч болуп калды… Турмушка чыга турган кыздарга айтаарым, эч качан мага окшоп жеңил ойлуулукка алдырбагыла. Жараткан берген келбетиңерге ыраазы болуп, өзүңөрдүн сүйгөнүңөр менен кол кармашып, бактылуу болгонго аракет кылгыла. Балким, менин ушул чакан баяным силерге сабак болуп калгысы бардыр… Дагы бир жолу баса белгилеп кетээр элем. Эгер төшүңөр кичине болсо аны чоңойтом деп эч качан убара болбогула. Бул силердин жеке турмушуңарга сөзсүз кесепетин тийгизет… Жазгүл, Токмок шаары

БУЛАК: Багыт.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу