Жабырлануучу: «Чала тааныш жигит мени 6 ай сабап, зордуктап жүрдү. Апта бою үйдөн чыгарбай кордочу»

Лейлек районунан Бишкек шаарына иштөө үчүн келген 24 жаштагы Айжамал (аты өзгөртүлдү) аны Жыргал(аты өзгөртүлдү) аттуу бала 6 ай бою зордуктап, кыйнап келгенин айтып берди. Айжамал 19-июнь күнү Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна оор абалда келген.

Аталган оорукананын дарыгери Илимбек Манапов кыз эс-учун жоготкон абалда ооруканага келгенин ырастап, учурда анын абалы жакшырып баратканын айтты.

Кыз бизге «Тез жардам» унаасы аркылуу эс-учун жоготкон абалда келип түшкөн. Ал келери менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Түнү менен тамчылатма дары алган соң нейротравматология бөлүмүнө которулду. Учурда абалы жакшырып баратат, бирок түнкүсүн кыйналат. 25-июнда ал Республикалык психикалык ден соолук борборуна которулат”, — деди дарыгер.

Айжамалдын айтымында, ал тааныш эжеси аркылуу Сары-Өзөн базарындагы кафелердин бирине официант болуп ишке орношот.

«Мен кафеде иштеп жүрүп Жыргал аттуу бала менен таанышып калдым. Ал биздин кафеге келип, тамак ичип турчу. Жыргал мага Баткенден болорун айтты, экөөбүздүн мамилебиз бат эле жакшы болуп кетти. Мен ага утурумдук кафеде жашагандыктан, батир издеп жүргөнүмдү билдирдим. Ал дароо кошунасы квартирант издеп жүргөнүн айтып, ошону бирге барып көрүүнү сунуштады», — дейт Айжамал.

Ал белгилегендей, Жыргал Айжамалды кошунасыныкына эмес, түз эле үйүнө алып барып, эшикти бекитип алып, аны сыртка чыгарбай 1 апта бою зордуктаган.

“Ал менин колумду кайрып, уруп, ар кандай зомбулуктарды көрсөттү. Бир жума үйүндө камап алып, күнүгө зордуктап жатты”, — деген жабырлануучу кыз иштеген жеринен бир апта бою ишке чыккан жок деп жумушка кабыл албай коюшканын кошумчалады. Андан кийин ал барар жери жок, суукта көчөдө калган.

Кар жаап жаткан убакта, суукта көчөдө жүрдүм, телефонум да жок эле. Ошондо да Жыргал мени көрүп “көрдүңбү, сен селсаяк болуп калдың» деп үйүнө алып барып дагы зордуктап жүрдү. Көп өтпөй мен Мээрим деген кыз менен таанышып калып, ага абалымды ыйлап айттым, ал мени батиринде жашатмай болду. Ал жерге да Жыргал барып алып, зордоп кыйнап жүрдү. Жыргалдан кутулуу үчүн жашаган жеримдин дарегин өзгөрттүм. Бирок Жыргал ал жерди да таап алып, дагы кордук көрсөткөнүн токтоткон жок. Кийин башка жакка көчүп кеттим. Ал жактан да мени таап алып, жумуштан чыкканымда тосуп алып каналдын боюна алып барып, зордуктап, сабап жүрдү. Тааныш эже милицияга кайрыл деди. Мен аларга кайрылсам, 3 күн өтүп кетиптир, биз ал баланы эмне кылмак элек деп коюшту.

Ошондон кийин Жыргал чалып «сен милицияга арыз жазган турбайсыңбы, экөөбүз сүйлөшөлү, үйгө кел» деп алдап чакырды. Мен ишенип бардым. Барарым менен ал мени 3 күн үйүнө камап алып зомбулук көрсөтүп кыйнады. Мен ал жактан качып чыгып жөө Калыс-Ордодогу жашаган жериме бардым», — деди Айжамал.

Ошондой эле ал Жыргал акча берем деп алдап чакырганын, андан кийин Калыс-Ордо конушуна жакын жердеги көлгө алып барып, сабап, кордук көрсөткөнүн, ошол күндөн бери оор абалда ооруканада дарыланып келгенин белгиледи.

«Жыргал мага байланышып 10 миң сом берем, жолугалычы деп чакырды. Мен дагы ишенип акча берет экен деп ага жолуктум. Ал мени Калыс-Ордо конушундагы көлгө алып барды. Анан мурдагы эле жоругу боюнча сабап, зордуктап баштады. Анын колунда бычак бар болчу, мен ошону эстей алам. Андан башка эч нерсени билбейм”, — деди Айжамал.

Учурда Айжамалды бир тууган сиңдиси карап жатат. Сиңдисинин айтымында, ал Калыс-Ордо конушунан кийимдери тытылган, чачтары уйпаланып, акыл-эсин жоготкон абалда табылган.

Мага эжем менен чогуу жашаган кыздар «эжең жок» деп саат 18:00дөрдө чалды. Биз Сокулуктан келип эжемди Калыс-Ордо тараптан айылдаш агам аркылуу талаада жүргөн жеринен таптык. Ал табылганда эч кимди тааныбаган, кийимдери тытылган, чачы коё берилген абалда болчу. Ага жин кирген го деп биз мечитке алып бардык. Мечиттегилер эжеме 7 миң сомдон 10 миң сомго чейин окуйбуз деп коюшту. Биз ал жерден Сокулукка ооруканага алып бардык, бирок ооруканадан кабыл алышкан жок. Кайра Бишкекке алып келип «Тез жардам» чакырттык. Тилекке каршы, эжемди бир да оорукана кабыл алган жок. Биз айла жок молдого окуттук. Андан соң тууганымдын таанышы аркылуу ушул ооруканага алып келдик. Азыр эжемдин абалы күндүзү жакшы, кечкисин оорусу кармап, өзүн жоготуп баштайт”, — деди жабырлануучунун сиңдиси.

Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда, жабырлануучу тараптан арыз түшсө, ыкчам-иликтөө жүргүзүлөрүн айтып, укуктук баа андан кийин берилерин кошумчалашты.

БУЛАК:СУПЕР. kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу