Евробиримдик Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 165 миң евро бөлөт

Европа комитети Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандарга 165 миң еврого жакын каражат (12 миллион сомдон ашык) бөлөт. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жардамды 2750 киши алмай болду.

«Каражатты Кыргызстандын Кызыл жарым ай улуттук коомуна которулат. Андан сырткары, эң зарыл болгон төшөк, ашкана шаймандары жана тазалык каражаттары таратылат», — деп айтылат маалыматта.

3-майда Тажикстандын Кыргызстанга жакын жайгашкан аймагында күчү 5,9 баллга жеткен жер титиреген. Эки күндөн кийин 5-майда да жер силкинген. Анын кесепетинен Ош жана Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан аймактарындагы бир катар имараттар бузулган. Негизинен Чоң-Алай районундагы Карамык, Жекенди, Кара-Тейит, Чулук жана Шибээ айылдары көп жабыркап, 200гө жакын үйүн дубалдары жарылып кеткен. Аталган айылдарда жашаган 5000 киши жардамга муктаж.   Булак: sputnik

Аргумент.kg
Жооп калтыруу