Ерке Есмахан издеген сүйүктүүсүн Кыргызстандан таптыбы?

“Алматыда жок-жок, Актөбеде жок” деп обон созуп сүйүктүүсүн издеп таппаган Казакстандын таанымал ырчысы  Ерке Есмахан сүйүктүүсүн издеп бирок чыкканын казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Есмахан кыргызстандык белгилүү ырчы Нурлан Насиптин эки күнгө уланган концертине атайын конок болуп келген. Учурда кыргызстандык күйөрмандардын жүрөгүнө бүлүк салган убагы.

Соцтүйүндүн колдонуучулары Ерке менен Нурлан экөөнү кыз жигит болсо жарашчудай деген кептерди жаза башташты. Есмаханда өз элинен таппаган сүйүктүүсүн, кыргыз элинен таап калаар деп тамаша чыны аралаш пикирлерди дагы калтырганга жетишкен.

“Нурланга Аселге караганда ажайып жуп”, “Ерке ашык болгон жигитин Бишкектен тапкан сыяктуу”, “Аселден Ерке тартып алды”, -деген сыяктуу билдирүүлөрдү калтырып жатат.

Булак: 5ньюс.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу