Дүйшөн Чотоновдун “кылычы”…

“Отузунда орок оро албаган, кыркында кылыч чаба албайт”.  Арабыздан эрте кеткен журналист,  жазуучу Айзада Абазова  2004-жылы “Учкун” гезитине  Дүйшөн Чотонов тууралуу жазган макаласын ушинтип атаган эле…  Таланттуу калемгер ал макалада ата-энесинен эрте ажырап, бир үйдө жалгыз калган бозулан Дүйшөндүн тээ алыскы Алайкуунун Коо-Чаты айылынан башталып, чоң саясатка аралашканга чейинки турмуштук батыл кадамын таасирдүү баян кылган. Ал кезде отуз жаштын тегерегиндеги  Д.Чотонов Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаты болчу.
Айткандай эле,  Дүйшөн Чотонов  андан кийин саясаттын кылычын дагы чапты: эң башкысы, ар качан ар-намысты бек кармап, акыйкаттык тарабында, карапайым калк тарабында болду, кыргыз саясатчыларынын  “башкы көзүрү” эсептелген уурулук, кошоматчылык, эки жүздүүлүктөн алыс жүрдү. Башкасын айтпаганда да, анын  2005-жылдын мартында Ошто акаевдик үй-бүлөлүк режимге каршы  толкундоолордун башында тургандыгын, андан кийин дале адилеттик үчүн өмүрүн тобокелге салып күрөшүп келгендигин белгилеп коюу –  калыстык. Бышкан аштын ээси көп, бүгүн эми баары эле ”революционер”.  А иш жүзүндө,  2010-жылдын 7- апрелине чейин Бакиевдердин көпкөн бийлигине ачык каршылык кылып, каяша айтып, Ош аймагында саясий акцияларды уюштурган саясатчы жалгыз эле Д.Чотонов болчу.
Мен Дүйшөн акени 2000-жылдан бери жакындан тааныйм.  “Жөө жүргөндө” дагы , “төө мингенде” дагы көрүп жүрөм. Ал кандай абал болбосун  бир кунунан: чоң-кичикке тегиз мамиле кылган баштапкы жөнөкөйлүгүнөн, ачык-айрым, шайдооттугунан жазбайт.  Анан кээ бир саясатчыларга окшоп, төңкөрүш болгон сайын бапырап байып, асманды тиктеп калган жок. Баштагы эле үй-жайы, баягы эле тиричилиги.
Анткен менен, Дүйшөн Чотоновдо көп саясатчылар жетпеген байлык  бар, ал– абийир: сатпагандыгы менен сатылбагандыгы.
Эмнегедир, 2011-жылдан кийин (“Ата-Мекен” партиясы парламенттик шайлоодон өтүп, бийликке келген соң) Дүйшөн аке менен партия лидери, өмүрүн саясатка арнаган Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы жакын  мамиле алыстап, мурдагы байланыш үзүлүп калгансыган. Д.Чотонов “Ата Мекен” партиясынан четтеп кеткен… Сыягы, кокодон алган саясий атаандашы Текебаевден өч алып, жолун бууштун аргасын издеген Атамбаев ошону “ыңгайлуу” учур деп таап, пайдаланып калгысы келди окшойт. Кайдан-жайдан бир аферистти таба коюп, акылга анча сыйбаган кылмыш ишин ачтырып, Дүйшөн акени Өмүкеге каршы салмак болду. Адаттагыдай эле Чотонов мурдагы партлидерин сатпады. Ошентип, кутуму ишке ашпаса дагы, А. Атамбаев зордукка салып, кылмыш иши далилденбегенине карабай, экөөнү тең каматты.
Андан бери кыргыз саясатында көп нерсе өзгөрдү. Доогер делген россиялык бизнесмен Маевский алдамчылык кылмышы боюнча өз мекениде кармалды. Президент кезинде таянган кадрлары четинен камалганына караганда, эми А.Атамбаевдин өзүнүн былыгы чубалып чыгат окшойт.  “Жатып өлгүчө, атып өлмөкчүбү”, айтор, бүгүн ал өзү оппозицияда. Мына ушундай жагдайларга карабастан, азыркы бийликтин (Кыргызстанда соттор мындай иште Акүйдүн 7-кабатындагылардын айтканын гана аткарары бешиктеги балага деле белгилүү ) Ө.Текебаев менен Д. Чотоновду жана ошондой эле саясий өчтүн курмандыгы болгон Садыр Жапаровду эркиндикке чыгарбай, ишти маалкатып, создуктуруп келатканы түшүнүксүз .
Акүй билермандары эмнени ойлоп атат, ким билсин…  А кыргыз коому үчүн Текебаев, Чотонов, Жапаровдой саясатчылардын абакта эмес, активдүү саясатта болгону олжо.

Абдувахаб Мониев
Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу