Дүйшөн Байдөбөтовдун жубайы Кенже эже: “Дүйшөкемди түбөлүккө мени менен жүрөт деп ойлочумун”

Үстүбүздөгү жай кыргызды дагы бир залкарынан ажыратты. Ал Кыргыз Эл артисти, театр жана кино тармагындагы эң мыкты актёр Дүйшөн Байдөбөтов эле. 70 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышып кеткен талантты эскерүү максатында жубайын кепке тарттык. Агайды жоготкондон бери көз жашы кургай элек кенже эже өмүрлөшүн эскерип берди.

— Кенже эже, дүйшөн агайдын бул дүйнөдөн өткөнү баарыбыз үчүн өкүнүчтүү болду. “Жакшы адамдын өлүмү жакшы болот” демекчи, агай жакшынакай эле басып жүрдү эле…

— Дүйшөкемди жоготуу мен үчүн өтө оор болуп атат. Көкүрөгүм ачышып, күндөр өтпөй, жашоо токтоп калган сыяктуу. Кызым жумушуна кетет, тирүү адам болгондон кийин иштеш да керек эмеспи. Балдарымдын деле үй-бүлөсү бар, өз оокаттары менен алек. Күндө кечинде баары бир маал келип кетишет. Баарынан мага абдан кыйын болуп жатат. Дүйшөкем экөөбүз өмүрүбүздө бир урушсакчы, жетелешип эле жүрчүбүз. Жумушка чогуу барып, чогуу келип абдан ынак элек. Мени “Почоля” деп эркелетип койчу. Футбол дегенде жанын берчү, акыркы болгон оюнду да уктабай көрдү. Жакшынакай туруп эле кете берди. Ошол күнү күн абдан катуу ысыган турбайбы, биз үйдө олтуруп билбептирбиз. Туугандарыбыз каза болуп, уулум үчөөбүз куран окутууга баралы деп калдык. Биз чыгып кетип атканбыз, уулум үйдө кармалып калды. Төртүнчү кабатта жашайбыз, үйдөнт чыгып тепкичтен түшүп кетип атып эле Дүйшөкем олтуруп калды. “Данияр, келчи, атаң өзүн жаман сезип атат”,-десем балам келип колтугунан сүйөп үйгө алып кирип жаткырды. Дароо эле “Тез жардам” чакырдык. Алар келип бизди эшикке чыгарып жиберип 1-2 сааттай болушту. Көрсө, Дүйшөкем кете бериптир. Ызы-чуу болуп эле жатып калдык. Эч кимибиздин оюбузга келген эмес да.

— Акыркы учурларда агай ар бир интервьюсунда сизге ыраазычылыгын билдирип жүрдү эле. Андан улам кетээрин билгенби деген ой келет.

— Дүйшөкем өлөөрүн билдиби, жокпу билбейм, мага эч нерсе айткан эмес. Же мени аядыбы… Айрылып калам деп түк ойлогон эмесмин, түбөлүккө мени менен жүрөт деген гана ой бар эле. Ден соолугу мыкты эле. Акыркы жылдары гана ооруп калды. Мындан эки жыл мурун 41 жаштагы улуу балабыз күтүүсүздөн каза болуп калды. Бул оор жоготуу Дүйшөкемдин жүрөгүн катуу жабыркатып койду. Өзү баласаак, өтө жакшы адам болчу. Ыйлап жүрүп өзүн таштап жиберди, арыктап да кеткен. Жүрөгү ооруп улам ооруканага жатып калат. Акыркы убактарда ооруканага жаткысы келбей калган, андан улам дарыгерди үйгө чакырып, дары-дармегин убагында берип турчубуз. Театрга алып барып, алып келчүмүн, жыгылып калбасын деп коркчу элем. Спектаклде ойноп атса да көшөгөнүн артынан карап коюп турчумун. Кийинки учурда буту да ооруп калды. Андыктан көп баса албай, театрга мурункудай дайыма бара албай калды. Ошондо джа “мен барып спектакль ойношум керек, иштешип керек” деп турчу. Бапестеп багып жүрүп колумдан алдырып жибердим. Каза болгондон кийин теледен кинолорунун баарын беришти, көрүп алып буркурап ыйлап олтурдум.

— Эл адамынын сөөгү борбордо мамлеекттик деңгээлде узатылат эмеспи. Сиздер айылына алып кеттиңиздер. Бул агайдын өзүнүн каалоосу беле?

— Ооба, Дүйшөкем: “Биз кайсы убакта бул өмүрдөн өтсөк дагы өз айылыбызга барып жатышыбыз керек”,-деп айтып жүрчү. Өзүнүн айтканындай айылга алып барып жерге бердик. Кооштошууга абдан көп адам барды. Балдарым менен мүрзөсүнө барып куран окутуп келип атабыз.

— Баарын бетке айтып, каткырып күлүп койгон сапаты бар эле. Жашоодо кандай адам эле.

— Ооба, баарын бетке айтчу. Айтылган жакка дайым убагында барчу, өтө так эле. Бирөөгө ачуусу келгенде тиштенип ошол кишини бир азга карап турат да, башын чайкап басып кетчү. Урушуу, талашып-тартышуу дегенди билчү эмес. “Балдарга барып келеличи” деп турчу. Балдарын өтө жакшы көрчү. Мага да жакшы жолдош болду.

— Экөөңүздөр канча жыл бирге өмүр сүрдүңүздөр?

— Биз элүү жылдай бирге бактылуу өмүр сүрдүк. Борбордогу №5 мектепте бир класста чогуу окудук. Эсимде, кыздар бут кийимибизди таптаза кылып кийип барсак, Дүйшөн менин бутумду атайын тебелеп булгап коёр эле. “Агай, Байдөбөтовду караңызчы” деп эле калып калчумун. Мектепти бүткөндөн кийин Дүйшөндү байкеси кой кайтартам деп тоого алып кетти. Бир күнү байкеси кете бер деп уруксат бериптир. Караңгыда жолдо келе жатса, эки карышкыр чыгат. Андан өтө албай, колундагы араң күйгөн жарыгын күйгүзөт. Карышкырлар улам качып, кайра жакындап бир топ коркунуч жаратышыптыр. Бир убакта колундагы ширеңкени чагып чөптөрдү өрттөптүр, өрттөн качкан карышыкырлар кайра жакындап келиптир. Бир маалда Кудай жалгап кайдан-жайдан экени белгисиз, бир авто унаа келе жатыптыр. Ошщого түшүп анан шаарга келиптир. Дароо эле мага келип карышкыр тууралуу айтып берсе эсим чыкты. Дүйшөн мени кандайча жактырып калганын билбейм, студент кезде тынбай келип, киного алып барып жүрдү. Кийин Москвага окууга кетээринде: “Мен жокто сени ала качып кетет”, — деп экөөбүз үйлөнүп алдык. Бир балалуу болгондо мен балам менен жатаканада калдым, Дүйшөн Москвага кетти. Ал жактан тынбай телефон чалып турчу.

— Балам менен жалгыз кыйналагн жоксузбу?

— Жалаң кыздар, арасында баласы менен мен жашап жүрдүм. Бир күнү бир тууган кайнежем: “Балаңды мага бер”, – деп ыйлап келиптир. Мектепте мугалим болуп иштеген, баласы жок жесир аял эле. Мен жашмын да, эркин басайын деп сүйүнүп кеттим. Өзүм да бала менен жатаканада жүдөп кеткем. Балам ыйлайт, кыздар менин көңүлүмө карап эхч нерсе айта алышпайт. Ошондуктан кайнежеме берип койдум, жарыктыктын сүйүнгөнүн айтпа. Баланы алып кетип, ээрчитип жүрүп бакты. Кийин эжем менен балабызды колубузга алып алдык. Дүйшөке экөөбүз үч эркек, бир кызгап ата-эне болдук. Атасы бардык балдарына, атүгүл кызына да үй куруп берип, аталык милдетин жакшы аткарды. Эң кенже балабызга да эркин жашагыла деп үй алып берип бөлүп койгон элек, учурда кызым уулу экөө меникинде турушат.

— Театр ишмерлеринин айлык акысы аз экекни баарыбызга маалым, айрымдары үйү жок жүрөт дегендей. Агай балдарынын баарын үйлүү кылып кетиптир, кошумча акча тапчу беле?

— Дүйшөкем бир эле убакта көп жерлерде иштеди. Театрдан сырткары ар кандай кечелерди алып барчу, радиодо, үн коштоодо, тетардын алдындагы студияда сабак берчү, айтор, иштерман адам эле. Балдары, үй-бүлөсү дегенде баарына даяр болчу. Неберелерине эзилип калчу.

— Улуу актёрдун жубайы болуш сыймык, ошол эле учурда оор да болсо керек. Дегеним, агайдын жылдызы жанып турган учурларда кызганычтар болгондур…

— Мен анын жумушун абдан жакшы түшүнүп колдоо көрсөттүм. Жумушуна тоскоол болгон жокмун. Бир жолу түз жолдон чыгып кетип, ошондо кызганыч болду. Таптакып сүйлөшпөй койсом кечирим сурап өзү туура жолго түшкөн. Ал жаңылуусу аз эле убакытка созулган. Бул нерсе ар бир эркекте болуучу көрүнүш. Мен Дүйшөкемди сүйгөн үчүн кечирдим, эгерде көңүлүмп калса “кетсе кете берсин” демекмин да. Биздин сүйүү тырмактай кезибизден берки таза сүйүү эле. Азыр жалгызсырап үйгө батпай, улам терезени карап абдан оор күндөрдү өткөрүп атам. Балдарым “апа, болду, атам келбейт” деп калышат, мен унута албайм эч качан. Жаш өткөн сайын жубайлар ынак болуп калышат экен, биз бири-бири бизди издеп турчубуз. Дүйшөкем иштебей үйдө олтуруп калган убакта жумушутан шашып келчүмүн. Эми үйгө да шашпайм, Дүйшөкем жок театрга да баргым келбей калды.

— Кайрат кылыңыз эми Дүйшөн агайдай талант табылбастыр…

Динара Чокоева

Булак: Леди.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу