Дүйшөнбек Зилалиев үч жылга шарттуу кесилди

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 18-октябрда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин кароону улантып, чечим чыгарды. Ага ылайык, Зилалиев күнөөлүү деп табылып, үч жылга шарттуу кесилди.

Зилалиев сот чечими боюнча комментарий бере элек.

Мамлекеттик айыптоо тарап 27-сентябрдагы жараянда күнөөлүү деп таап, Зилалиевди аны эки жыл жатак абагына кесүүнү, сот залынан камакка алууну сураган. Зилалиев өзү жана адвокат коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, актоону өтүнгөн.

Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен козголгон.

Инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө «бомба коюлду» деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ал эми ага «1532 ВК» мамлекеттик номерлүү «Лексус» машинесинен бир адам билдиргенин жазган. Кийинчерээк «машиненин номуру Зилалиевге таандык» деген маалымат чыккан.

Кылмыш ишин быйыл 30-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгогон.

Зилалиев курсант кыз өзүнүн сөзүн туура эмес түшүнүп алганын айтып келет.

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу