Дүйшөнбек Зилалиев “бомба коюлган” деп тамашалаганбы…

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи күнү өкмөттүк
жолдо бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу «Дело №…»
гезити жазып чыкты.

Алардын маалыматына таянсак, 24-ноябрь күнү саат 09:15те ант берүү аземинде Манас көчөсүндө
коомдук тартипти көзөмөлдөгөн курсантка кара түстөгү «Лексус» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик
номуру 1522 ВК) келип, анын ичиндеги эркек киши жолдо жардыруучу зат бар экенин билдирип,
«жакында бул жер жарылат» деп айткан. «Курсант кыз бул тууралуу жетекчиликке билдирген.
Аталган жерге Бишкек ШИИБдин ыкчам териштирүү тобу жөнөтүлгөн. Алар тилкени текшерген
учурда жардыруучу зат табылган эмес. Кийин президенттин кортежи эч кандай окуяга кабылбай
өттү», – деп айтылат маалыматта.

Бардык жагдайлар такталгандан кийин 1522 ВК мамлекеттик номуру «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа кимге катталганы аныкталды.

Гезиттин маалыматы боюнча, жардыруу зат тууралуу айткан жаран табылган. Ал Мамлекеттик
мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев болгон.

Дүйшөнбек Зилалиев бул маалыматты четке кагууда.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу