Дүйшөнбек Адашпасов, Атамбаевдин айылдашы: “Атамбаев революция да жасай албайт”

— Азыр Атамбаев күздө элди көтөрүп, революцияжасайт экен деген сөз тарап жатат. Ал киши биринчи эле айылдаштарын көтөрөт да. Айылдаштары мурункудай болуп артынан ээрчийби?

— Айылдагылар колдобойт. Атамбаев революция да жасай албайт. Жигитке окшоп айткан сөзүнө тура албаса, айылдаштары биз эмнеге колдомок элек?! Колдосо, кошоматчылары гана колдойт. Алардын дагы колдоп чыкканга духу жетпейт. Атамбаев тыйын таратып элди көтөрөм десе, “Чыкпайсың, мурункудай болуп элди алдабай эле кой” деп айылдаштары эле эркекче айтып коёбуз. Ачыгын эле айтайын, мен өзүм президент Жээнбековду колдойм.

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу