ДҮЙНӨНҮН АДАБИЙ КАРТАСЫНДА КЫРГЫЗСТАН АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ МЕНЕН БЕЛГИЛЕНДИ

 

The Independent британ басылмасы дүйнөнүн адабий картасын түздү. Анда Кыргызстан дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повести менен көрсөтүлсө, Казакстан “Кылым карытар бир күн” (“The Day Lasts More Than a Hundred Years”) романы менен белгиленген.

Дүйнөнүн адабий картасында ар бир өлкө эң белгилүү же маанилүү чыгармалар менен көрсөтүлгөн.

Өзбекстан Том Бисселдин «Деңизге умтулуу» китеби, Тажикстан Андрей Волостун «Хуррамабад» романы, Түркмөнстан Ак Вельсапардын «Айпи тууралуу жомок» жана Орусия Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык» чыгармасы менен белгиленген.

Жалпысынан картага 197 өлкө түшүрүлгөн.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу