Дүйнөлүк масштабдагы сынакка Бегимай Карыбекова даярданып жатат

15-октябрдан 20-ноябрга чейин Кытайда өтө турган «Дүйнө сулуусу-2017» сулуулар сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 19 жаштагы Бегимай Карыбекова катышат. Сынактын талабына ылайык өзүн тааныштыруу максатында Кыргыз өлкөсү тууралуу тартылган видеоролик коомчулукка жарыяланды. «Буга чейин «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагында жеңишке жетишип, дүйнөлүк сулуулар сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алгам. Учурда даярдыктарым күчтүү. Мен Кыргыз жерин татыктуу көрсөткөнгө болгон аракетимди жумшайм», – деген билдирүүсүн ал интернеттеги өздүк баракчасына жазды. Айта кетсек, Бегимай Карыбекова ушул жылдын апрель айында өткөн «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагында жеңүүчү аталса, ага чейин эл аралык «Тор Model Of The 2016» сынактарында Кыргыз мамлекетинин атынан катышкан.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу