Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына казак боордоштор суктанууда…

Кыргызстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык деңгээлде кызуу талкууга алынууда. Ар тараптан тамшанган, суктанган жана алкаган элдердин үнүн угууга болот. Өзгөчө коңшу казак боордоштор бир жагынан көчмөндөрдүн башын бириктирген иш-чаранын кыргыз жеринде өтүп жатканына суктанып бүтпөй жатышса, экинчи жагынан мындай улуу идеянын өз жетекчилеринин башына келбегенине өкүнүшүүдө.

Казак жараны Исмаилбек Беккужин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан алган таасирлерин төмөндөгүчө бөлүшкөн:

— Эч кимге кереги жок Азиада, Универсиада, Экспо сыяктуу толгон-токой долбоорлорго жүздөгөн миллиард долларларды чачып, анан Кыргызстанда көкпар башкача экен, ат таппай калдык, эрежелери башкача экен деп ыйлактоо жана дүйнө көз салып, катышкысы келип жаткан укмуштуудай Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын карап туруп ич күйдүлүк менен алсыздыктан ыйлап жибербөө үчүн түркүн шылтоолорду ойлоп табуу. Ушуну биздин бренд кылып алып чыгууга эч ким жолтоо болгон жок эле го, каражат да аз эле керек экен. Акыйкатта картада бош жер экенбиз, — дейт казак боордошубуз.

Булак: NazarNews.kg

Сүрөттөрдү тарткан кабарчы Жыргалбек уулу Эрлан

Аргумент.kg
Жооп калтыруу