Дүйнөдөгү эң толук эркек арыктап кетти

Дүйнөдөгү эң семиз эркек арыктады. Хуан Педро Франко бир жыл ичинде 130 кг ашыкча салмактан арылган. 33 жашка толгондо ага бир нече ирет операция жасалып, ашказандын жарым бөлүгү алынып салынган. Мындан сырткары ал диетага отуруп, көнүгүүлөрдү жасоого көп убактысын бөлгөн.

Өткөн жылы Хуан 590 кг салмак менен Гинннестин рекордтор китебине кирген эле. Дарыгерлер семиздиктин кесепетинен анын ден соолугуна кооптуу бир нече диагноздарды аныкташкан. Ошондуктан жашоого деген күчтүү болгон Хуан тез аранын ичинде ашыкча салмактан арылууга чечим кабыл алган. Мексикалык тургундун башкы кыялы – эч кимдин жардамы жок өзү ээн эркин басып тура алуусу эле.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу