Дүйнөдөгү эң салмактуу балык табылды

Австралиянын Перте шаарындагы Мердок университетинин студенти Марианна Ньегард дүйнөдөгү эң салмактуу Худвинкер күн балыгын тапты.

Мындай ачылыш Индия жана Тынч океандагы күн балыктарынын генетикасын изилдөө учурунда келип чыккан. Үч жылга созулган изилдөөдө эки тонналык жандык тоюп алып көп убакыт жалгыз жашай берери аныкталган.

Күн балыгынын бул түрү океандын адам жете алыс жеринде жайгашкандыктан изилдөө абдан татаал. Анын үстүнө бул жандыктар тамак үчүн жүздөгөн метр тереңдиктерге кетишет. Суунун бетине күнгө кактануу үчүн гана чыгышкандыктан күн балыктары деп аталып калган.

“The Nation” илимий журналы окумуштуулар Худвинкер күн балыгын 130 жылдан бери көрүшө электигин жазган.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу