Дүйнөдөгү эң жаш миллиардер кыздардын бири 24 гана жашта

24 жашында «миллиардермин» деп ар бир кыз эле мактана албайт.  Дүйнөнүн эң бай адамдарынын катарына кирген бул кыз жаштыгына карабастан бир топ ийгиликке жетишти.

2017-жылдын май айында Чжан Цзэтянь  Chinese New Fortune журналы түзгөн тизмеге эң жаш миллионер кыз катары кирген.

Чжан Цзэтянь «Ненси» деген лакап аты менен белгилүү.

Чжан 2011-жылы  Кытайдын эң алдыңкы окуу жайларынын бири катары саналган — Цинхуа университетине тапшырган. Андан соң бир семестр Нью-Йорктогу Барнард колледжинде окуган.

Ал жерден өзүнүн болочок жолдошу Лю Цяндунга жоолугуп, ортодогу 19 жаш айырмага карабастан эки жаш баш кошкон.

Анын жолдошу Кытайдын эң бай адамдарныны тизмесинде 16-орунда, ал эми дүйнөлүк тизмеде 174-орунда.

2014-жылы Олимпиада оюндарынын карата тартылган роликке тартылып, бирок тасмада роль жаратуудан баш тарткан.

Ал Alibaba.com. компаниясынын башкы атаандашы болгон JD.com интернет-компаниясынын директору жана негиздөөчүсү.

2015-жылы баш кошокн Чжан жана Лю бир кызы тарбиялап келишет.

Алар 2016-жылы ымыркайлар үчүн азык чыгарган австралиялык Bubs Australia компаниясына инвестиция кылышкан.

JD.com  компаниясынын ийгилиги Чжан менен байланыштуу. Ал бардык күчүн компаниянын өнүктүрүүгүнө жумшаган.

Чжан ошондой эле моданы дагы абдан жакшы көрөт. Сүрөттө Айрис Апфель менен.

Билл Гейтс менен

Breakthrough Prize салтанатында Чжан нобель сыйлыгынын ээси жана  Breakthrough Prize сыйлыгынын жеңүүчүсүнүн ортосунда отурат.

Дэвид Бекхем менен

Чжан саякаттаганды абдан жакшы көрөт.

 

Булак:sakal.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу