Дүйнөдөгү желектердин ичинде кайсы түс жок жана эмнеге?

Дүйнөдө канча желек бар? Жер шаарында 197 эгемендүү мемлекет бар, жана албетте ар кайсынысынын өзүнө таандык желеги болот. Бирок кызык жери – бул түстү эч бир туудан көрө албайсыздар жана ал кайсы өң десеңиздер кызгылт көк(фиолет) түс.

Кызгылт көк түстөгү туу эмнеге жок?

Түстөрдүн дискриминациясынын себеби өтө кызыктуу жана циклдик болуп саналат. XIX кылымдын ортосуна чейин кызгылт көк кездеме боёгуна жетүү мүмкүн эмес болгон. Ал деңиз түбүндөгү жандыктардан (морские раковины) алынган кызгылт көк пигмент түрүндө гана кездешкен.

Аны алуу кымбат болгон, бир килограмм пигментти 10 миң моллюскаларды иштетүүнү талап кылган. Ошондон улам фиолетовый кийим байлыктын, молчулуктун символу болгону таң калычтуу эмес. Бул түстөгү заттар байлардын артыкчылыгы болсо, кийинчерээк аны “падышалардыкы” деп жарыяланган.

Баалуу боёк жана түстөрдүн кол жетимдүүлүгү

XIX кылымдын ортосунда абал өзгөргөн. Химик Уильям Перкин, андан кийин анын кесиптеши Полю Фридландерге баалуу боёкту синтетикалык жол менен ала алышкан. Мисалы, миллиондогон моллюскалар сакталып калынган.

XX кылымдын башында кездемелерге арналган бул түс өндүрүлө баштаган. Ал кезде көптөгөн өлкөлөр өздөрүнүн тууларын бекитип алышкан, ал эми кызгылт көк түскө көңүл бурулбай калган.

Бирок журналист ДжоИнфоМедиа Настя Арт белгилегендей “Доминиканын желеги амазон тоту кушунун түсүнө боёлгон. Анда бир аз кызгылт көк түстү кезештирүүгө болот”,-дейт.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу