Дыйканбаев: депутатты коркуткан эмесмин

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеваны коркутпаганын, «жаш депутат этият болушу керек» деп айтканын “Азаттыкка” билдирди:

— Ал тамаша сөз болчу. Төрт киши отурганбыз, аркы-беркини сүйлөшүп отуруп жөн эле сөз чыгып калды. Өзү катуу сын айтып жатпайбы. «Жаш депутатсың, этият бол» деген мааниде эле карындашыма кайрылгандай эле айткам. Мен да окуп алып таң калдым.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Элвира Сурабалдиева буга чейин коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөнү үчүн Ак үйдөгү чиновниктердин бири ачык коркутканын «Твиттердеги» баракчасына жазып чыккан. Кийин “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, коркуткан киши Курманбек Дыйканбаев экенин, ал “Росинбанк” жана “Кыял” мамлекеттик ишканалары тууралуу маселени көтөргөнү үчүн ачуусу келиши ыктымал экенин айткан.

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу