Духинин башкы коркунучу эмнеде?

Парфюмериялык каражаттар адамдын организминде шакый менен аллергияны жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу австралиялық Кейт Гринвелл Case Against Fragrance деген жаңы китебинде толугураак жазган, деп кабарлайт The Independent.

Гринвелдин изилдөөсүндө ар бир үчүнчү адам атыр жытынан кийин башы ооруп, астма пайда боло баштаганын сезет экен.

Бразилиядагы Пернамбуку университетинин окумуштуулары да 25 мүнөт атыр жытын жыттаган адамдардын 70 пайызы баш ооруга чалдыга турганын аныкташкан.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, атырдын курамындагы синтетикалык кошундулар адамга аллергия жаратат. Бирок, өндүрүүчүлөр аталган кошулмаларды жашырышкандыктан, аллергологдор ал нерселерди дале аныктай албай келишет. Ошондой эле, көптөгөн таттуу жыттардын курамында болгон эфир майлары адамдын бөйрөгү менен бооруна олуттуу зыян келтирери анык болду.

Булак: mediaplov

Аргумент.kg
Жооп калтыруу