Думанаев Аскар, модель: «Мага өзүмдүн келбетиме төп келген, мүнөзү токтоо кыздар жагат»

Толук аты жөнү- Думанаев Аскар

Жаш ченеми? 01.01.1993

 Билими? Кыргыз-Түрк  «Манас» университетинин кыргыз-англис тилиндеги котормочу бөлүгүн аяктаган.

 Жердиги? Бишкек шаары

-Иштеген жери? «DUMANAEV studio” моделдик агентствонун башкы директору. Андан сырткары  фотограф болуп эмгектенет.

— Жер которууга даярсызбы?

-Жер которбойм. Кыргызстанда эле жашап, мамлекетибизди башка өлкөлөрдүн деңгээлине теңеп жашаган жагат. Бирок бул туурасында сунуштар көп  түшөт. Ошентсе да, жөн гана эл көрүп,  жер көрүп саякаттаган жагат.

-Жашоонун күтүүсүз кырдаалдарына  даярсызбы?

-Мактанбайын, бирок татаал кырдаалдарга туш келе элекмин. Ата-энем, бир туугандарым  жанымда дегендей. Балким жумуш жаатында кыйынчылыктар  болушу мүмкүн. Бирок, күтүүсүз кырдаалдарга даярмын. Бардык нерсенин чечилүүчү жолу бар.

— Табитиңизге  кандай айымдар жагат?

-Мага өзүмдүн келбетиме төп келген, мага окшогон кыздар жагат (күлүп). Мүнөзү токтоо, шамдагай, башкалар менен тил табыша  билген, ачык мүнөз дегендей.

-Үй-бүлө күтүүгө даярсызбы?

-Азыр сүйлөшкөн кызым жок.  Ата-энем да бул туурасында айтып башташты (күлүп). Буйруса, үй- бүлө күтүү боюнча да ойлонуп жатам.

-Ашканада кандай мырзасыз?

— Негизи биздин үй-бүлөнүн курсагын карындашым  тойгузат. Чынын айтсам ашканага көп баш бакпайм. Бирок, жумуртка кууруп, куймак жасай алам.

-Сиз менен кызыктуу окуялар көп эле болсо керек?

-Ооба, негизи күндө эле кызыктуу окуяларга кабылам. Көп учурда модель кыздар-балдар менен жүргөндүктөн алар менен чогу көп жерде күлкүлүү окуяларды башыбыздан өткөрөбүз. Кайсыл жерде болбойлу,  модель кыздарды  жактырып, жакшы көрүп, аларга кызыккандар арбын болот экен. Ошондой учурларда түрдүү окуялар болуп кетет. Күлкүлүү да, кызыктуу да дегендей.

-Өзүңүзгө жаккан мүнөзүңүз?

-Боорукермин, баары менен бирдей  мамиле түзө алам.

-Азыркы учурдагы максатыңыз?

-Азыр бир тармактуу жумушту көздөп жүрөм. Бизге келген моделдерди дагы да болсо алдыга жылдыруу. Аларга жол ачып берүү. Менин негизги максатым азыр ушул.

Сизди издеген адам кайдан таба алат

-Instagram: dumanaev_official

 

АКЖУУРАТ ЭРГЕШАЛЫЕВА

БУЛАК: argument.kg

 

 

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу