Дресс-код парламенттин ишине жолтоо болуп жатат

Депутат Дастан Бекешов Жогоку Кеңештин жыйынында дресс-коду жоюп салуу сунушун киргизди.

Эшикте турган УКМК кызматкерлерине келген адамдын кийген көйнөгүнүн же шымынын өңү жакпай калса классика кийимин талап кылышат. Эмне үчүн УКМК кызматкерлери кандай кийинишин талап кылыш керек? Балким кээ бир адамдардын классика кийгенге мүмкүнчүлүгү жок. Мындай талапты жокко чыгарыш керек» деди Дастан Бекешов.

Белгилей кетсек, дресс-код талабы Ак үйдүн жумушчуларына эмес журналисттерге жана келген конокторго да коюлган.

Булак: Жалбырак

Аргумент.kg
Жооп калтыруу