Досалы Эсеналиев президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды

Досалы Эсеналиев президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгонун анын басма сөз кызматы кабарлады. Эсеналиев буга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

53 жаштагы Эсеналиев эмгек жолун мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Кийин эл аралык уюмдарда иштеген. 2003-жылы президенттик аппаратка кызматке келип, 2010-жылга чейин өлкө башчысынын басма сөз кызматынын жетекчиси, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп эмгектенген. Кийин “Кыргызпатент” мекемесин жетектеген.

Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын жетекчисинин кызматы быйыл март айынан бери бош турган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу