“Дордой” базарынын күнү бүттүбү?

06.09.2017 Vladislav

«Дордой базары» дегенде базар толгон эл, жол талашып ары-бери арабасын сүйрөгөндөр, кардарларын тейлегенге жетишпей, «алсаң ал, албасаң турба» деп кыйкырган соодагерлер, чоң баштыгын көтөрө албай жүргөн казак туугандар көз алдыбызга элестейт эле. Учурда мындай көрүнүштөр “Дордой” базарында жокко эсе. Мунун себебин андагы сатуучулардын өз ооздорунан угалы…

Жумашов Жаркынбек, соодагер:

“Дордой” жабылса эмне иш кылабыз?”

– Мен бул жерде көп жылдан бери эмгектенип келем. Мурда жакшы соода кылчубуз. Бажы биримдигине киргенден кийин соода 80 %га азайды десем болот. “Дордой” базары жок болуп кетүү коркунучунда турат. Патентти, жердин салыгын төлөөгө алыбыз келбей турган учур болуп турат. Күнүмдүк тапканыбыз жеген-ичкенибизден ашпай калды. Ошондуктан, соодагерлер чекесинен кете башташты. Базар жоюлса, башка эмне иш кылабыз билбейм?

Жээнбекова Гүлүмкан, соодагер:

«Соода жок, эптемейдин күнү болуп жатат»

– “Дордойдо” 6 жылдан бери отурам. Ошол 6 жыл аралыгында мынчалык эл аз келгенин көргөн эмесмин. Баары эле айтып жатышса керек, Бажы биримдигине киргенибиз бизге терс таасирин тийгизүүдө. Казак кардарлардын жоктугу биздин сооданы артка тартып жатат. Патент алуу үчүн айына 4500 сом төлөйбүз. Азыркы убакта соодада кылган пайдабыз кетирген чыгымдарыбызды жаппай жатат. Мисалы, 450 сомдон сатылчу кофталарды айласыздан 400 сомго сатып жатабыз. Кыскасы, элдин акыбалы оор, эптемейдин күнү болуп жатат.

Оморова Асел, чай сатуучу:

«Кризистин таасири бизге да билинип жатат»

– 8 жылдан бери “Дордойдо” эмгектенип келем. Мурда кийим сатып иштечүмүн. Бажы биримдигине киргенден кийин соода токтоп, пайдабыз чыкпай калды. Анан чай сатууга өттүм. Кийим-кече сатуудагы пайдага караганда, чай сатуудан түшкөн пайда жогору десем болот. “Мурда жакшы болчу” деп калышат, азыр күнүнө 1000 сом табабыз. Болгондун үстүнө болоюн деп жулунгандардан эмесмин, ушунусуна да шүгүр дейм. Жумушум эртең мененки 6-7де башталат. Кардарлар кыштын күнү ысык чай ичишет, ал эми жайында жалаң суусундуктарды сатабыз. Кээде соода жакшы болбой калат, кризистин таасири бизге дагы билинип жатат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу