«Дордойдогу» кыргыздарды Кытайларга кордоткон Экс-депутат Абдрейим Кулбаевдин намысы барбы?!

Учурда «Дордой» базарында соода кылып, үй бүлөөсүн баккан миңдеген кыргыздар оор абалда турушат. Алар, Кытайдан товар алып келип, Казакстан, Россияга жиберип тиргилик кылышчу. Азыр, кыргызстандык ишкерлер үчүн Кытайга виза алып кирип чыгуу оорлошуп кеткенине байланыштуу, «Дордой» базарына жанаша жайгашкан «Кербен» базарынын ээси Абдрейим Кулбаев 9 кытай ишкерин алып келип, базарына киргизип, кыргыздардын жумушун тартып алганы турат.
Кантип дебейсиңерби?

Кытайлар кыргыздарга салыштырмалуу арзан баада товар алып келип, оптом сатууну монополияга айландырып жатышат. Алардын максаты, убактылуу эң арзан баада сатып, кыргыздарды банкрот кылуу. Тактап айтканда, жарым жыл аралыгында арзан сатууну уланта берсе, кыргыздардын товары өтпөй калат. Ал аралыкта контейнерлердин арендасын, алган кредиттеринин процентин төлөй албаган кыргыздар аргасыздан кытайларга контейнерин сатып же таштап чыгып кетишет. Бүгүн, 9 кытай жумушун баштаса, эртең кыргыздар банкрот болуп, базар бошогондон кийин 9 миңдеген кытайлар агылып келет. Базарды толугу менен баскан кытайлар, кийин базар баасын каалагандай өзгөртө алышат. Булар, базардын ээси Абдрейим Кулбаев менен биргеликте мамлекет үчүн өтө коркунучтуу саясат жүргүзүп жатышат.

Мурда, кытайлар ушундай монополия саясатын «Дордой» базарынын ичинде жүргүзүшкөн. Кыргыздардын саткан товарларын арзан алып келип, өз алдынча экспортко чыгара баштаган. Базардын ээси Аскар Салымбеков алардын түпкү максатын сезип, «Дордойдон» жетелеп чыгып койгонун көпчүлүк али унута элек.

Ал эми акчадан башка көзүнө эч нерсе көрүнбтй калган Абдрейим Кулбаев, көгөрүп Кытайларды алып кирип, кыргыздардын ырыскысын талашып, улут үчүн кооптуу жагдайды түзүп жатат. Бүгүн базар экономикасын алган Кытай, эртең элдин эгемендүүлүгүнө коркунуч жаратышы күмөнсүз.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу