Доор алмашууда кадрларда алмашабы?

Жер жүзүндө доор алмашуу жүрүп жаткандай.  Эки үч эле мисал, утат деген Хилари утулуп, Трамптын жеңип алышы, Улуу Бриатниянын Европанын курамынан чыгып кетиши, Европаны качкындар капташы, экономикалык борбордун Азияга ооп кетиши. Мына ушулардын баардыгы өзгөрүүнүн  картинасы, булардын баарын көзү ачыктар да айтып келишкен.  Планетада эмне болсо, Кыргызстанда да ошол эле картина болот, бул далилдешти талап кылбаган аксиома.  Сапар Исаков баштаган өкмөттүн жаш курагы орточосу 44-45 жашта болушу. Буга кошумча бир кездеги Атамбаевдин: учурдагы саясатчыларды өзүм менен кошо алакетем дегени. Демек Кыргызстанга буга чейин аты-жыты билинбеген инсандар бийлик бутагына кон баштайт. Келдибеков, Ташиев, Сариев, Түлеев сыяктуу дагы бир тобунун бийликке болгон амбициясына чек коюулат. Аларда бир гана жол партиялардын курамы менен депутаттыкка өтүшүп, бийликти сындап  өздөрүнүн бар экенин коомчулукка билдирип туруу.  Отузга жаңы илинген  кыйындар силерге жол ачылууда чамдаңыздар!

БУЛАК: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу