Доор алмаштыбы?

Ошентип күтүп жаткан окуя да болду Алмазбек Атамбаев бийлигин тапшырып, Сооронбай Жээнбеков тактыга отурду. Эми «Атамбаевдин бийлик жүргүзгөн алты жылы кандай өттү?»-  деген суроого жооптор бериле баштайт. Алдын ала аз-маз божомолдоп койсок аябай көтөрө мактагандан баштап жерге түшүрө жамандаганга чейин ойлор айтылаары турган кеп. Ачыгын айтсак жакшысы да жаманы да болду. Ачыктан ачык коррупцияга малынганы, үй-бүлөсүнүн бийликке көз-көрүнө бийликке аралашып кеткени байкалган жок. Бирок, президент өзү айткандай эмоцияга алдырып жибергендигин коңшу өлкө Казакстан менен мамилени курчутуп жиберди. Эми жаңы келген президент дипломатиялык чоң чеберчиликке салып Казакстан менен мамилени оңдошу керек.

Сооронбай Жээнбековдун башкача жетекчи болоору азыртан эле байкалууда. Аналитиктер «Ал, өзгөчө эл аралык мамилени жети өлчөп бир кескенге аракет жасайт.»  «Саясатты түшүнгөндөр  акыры барып эле Жээнбеков Казакстан менен болгон мамилени бир эки айдын ичинде жөнгө салат»- деген ишенимди кыйытып билдиришүүдө.  Айрымдары болсо Казакстан менен мамилени оңдоо жаңы президент үчүн өтө чоң сыноо болоорун да айтышууда. Себеби, бул жерде «Жээнбеков өз алдынча саясат жүргүзө алабы же мурдагы президенттин таасиринен чыга албайбы?»- деген суроого жооп берилет.

Кызматка киришүү аземинде көпчүлүк байкаган нерсе мурдагы өлкө башчы Роза Отунбаеванын  салтанатка келбей калышы болду. Уюштуруучулардын берген жообуна караганда «Аны чакырууну унутуп калышыптыр».

Өткөн кылымдын 17-жылында  Октябрь төңкөрүшү менен башкача доор башталган. Бул кылымдын 17-жылы биздин өлкөдө да доор алмашып жатабы?

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу