Донбасстык аял Кыргызстандын Жогорку сотуна ок менен кирүүгө аракет жасаган. Окуя 9-сентябрда болгонун болгон жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.
Бирок ал маалыматтарда украиналык аялдын канча ок алып жүргөнү жана жанында ок атуучу курал-жарагынын бар-жогу такталган эмес.
Учурда ал аялдын өздүгү жана эмне максат менен мындай кадамга барганы такталып жатканын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Булак: maralfm.kg