Дональд Трамп: Орусия ноябрда демократтарды колдойт

АКШ президенти Трамп ноябрда Конгресс мүчөлөрүн шайлоонун жыйынтыктарына Орусия таасир этүүсү мүмкүн деп кооптонуп жатканын билдирди.

Дональд Трамп шейшебиде Твиттерге Орусия республикачыларга эмес, демократтарга жардам берерин жазды. “Себеби бир дагы президент мен сыяктуу Орусияга карата катаал саясат жүргүзгөн жок”, – деген Трамп.

АКШда Трамптын сынчылары аны Американын инфраструктуралык объектилери менен шайлоо системасына карата Орусиянын ыктымал киберчабуулдарын ачык сындаган жок деп айыптап келишет. Кошмо Штаттардын президенти болсо жогорудагы фразасын аларга каршы башкы аргумент катары колдонууда.

Трамп орусиялык олигархтарга каршы киргизилген санкцияларды жана Англиядагы химиялык чабуулга жооп иретинде ондогон орус дипломатынын өлкөдөн чыгарылышын мисал келтирип келет. Ошол эле маалда ал бул чаралардын баарына каршы болгонун, Конгресстеги оппозиция жана алардын каалоолоруна каршы чыга албаганын белгилеген. Трамп Орусиядан көп сандагы америкалык дипломаттардын чыгарылганы үчүн Путинге ыраазычылык айтып, “бул америкалык салык төлөөчүлөрдүн каражатын үнөмдөөгө алып келерин” белгилеген.

Дональд Трамп Орусия менен кызматташуу АКШга чоң пайда алып келет деп эсептейт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу