Доллар белгисин «$» ким ойлоп тапкан?

Акча – ар бир адамга ар түрдүү таасир берип турат. Анткени бул сөздү уккандын бири кубанса, башкасы муңга батырса, үчүнчүсүн тынчтандырса, дагы бирөөнү кызганыч отун жандандырат. Ал эми сиз акча сөзүн укканда эмне тууралуу ойлойсуз?

Бүгүнкү жашообузда керектүү нерсеге кол жеткизген акча тууралуу кызыктуу маалыматтар менен тааныш болуңуздар!

1. Пластиктен жасалган акчаларды Австралиялыктар колдонот.

2. Эң оор тыйын Кытайда куюлган, анын салмагы 5 килограммды түзөт.

3. Канадада эң өзгөчө тыйындар даярдалган. Алардын бетине динозавр тартылган, анын өзгөчөлүгү караңгы жерде бетинен динаврдын канкасын көрүүгө болот. Бирок өкүнүчкө карай, ал тыйындар айланууга чыкпайт.

4. АКШ өлкөсүндө доллардын эң көп колдонулганы 1 жана 20 долларлык купюралар. Ал эми дүйнөдө 100 доллардын купюросы белгилүү экен.

5. Акчанын кагаздан жасалган үлгүсү 812-жылы Кытайда пайда болгон.

6. «$». Бул белгини 1778-жылы америкалык бизнесмен Оливер Паллок ойлоп тапкан.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу