Дмитрий Ложников «кожоюну» АШАнын чыныгы жүзүн эми билдиби?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өзүнө катталган «Апрель ТВ» аттуу телеканалдын башкы директору Дмитрий Ложников кыязы «кожоюнунун» эки жүздүүлүгүн, анын коррупцияга белчесинен батып калганын эми аңдады көрүнөт. Мындай дегенибиздин себеби, ал өзүнүн социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасына «Саясат тууралуу акыркы постун» жазды. Андагы жазылгандарга баам салсак, Д. Ложников буга чейин президент С. Жээнбековдун дарегине туура эмес сындарды айтып келгенин, социалдык түйүндөрдө туура постторду жазып жана бөлүшүп келгенин моюнга алып, алар үчүн президенттин алдында да, элдин алдында да, сот алдында да жооп бергенге даяр экенин билдирген.

Албетте, күнөөнү моюнга ала билүү да чоң эрдик. Бул жагынан Д.Ложников жигитчилик кадамга барды десек болот. Бирок, ал бул кадамга эмне үчүн барганы гана өзүнчө суроо. Себеби, анын өмүрлүк жары бүгүнкү күндө КР президенттик аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүндө иштей турганы белгилүү. Ошондо Дмитрий мырза АШАны эмес, аялын тандадыбы же АШАнын чыныгы жүзүн эми таанып-билген болобу?

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу