Динара Сагинбаева качан «кусат» же Абулгазиевдин «атын саткан» Зарлыковна

Ачкөз, митаам аткаминерлер ар бир келген жаңы бийликтин эбин таап, кызматында калуу үчүн кандай иш аракет кылаары кызык. Дегенибиз, буга чейин жазып, фактылар менен көрсөтүп келе жаткан «каарманыбыз» Улуттук Госпиталдын башында турган «кол тийгиз» Динара Сагинбаева, ага карата канча чабуул болсо дагы кылы кыйшайбай келет. Медицина кызматкерлери аны көрөргө көзү калбай калгандыктарын жазуу түрүндө да, ооз эки түрүндө да даттанып бүтө алышпай койду. Коластындагылардын терисинен кайыш тиккенди мыкты өздөштүргөн Динара Зарлыковна Саламаттыкты Сактоонун функцияларын аткарбай, башкача айтканда өзүнө тиешелүү кызматты кылбай сол чөнтөгүн гана кампайтуунун убарасы менен алек болуп келет. Же бир жеп тойсочу.

Экс-министр кезинде чыпалактай жарытылуу иш жасаган эмес. Фармацефтикалык фирмалардан өз «шыбагасын» керегинче алып, 2012-2013-жылдары Репретин (Рипронат) препараты менен болгон жаңжалда «Ротафарм» жана «Уорлд Медицин» дарыканаларынын артынан жаңжалды жайгаргандыгы үчүн энчисине 2 элиталык батир алган. Бейтаптардын ден соолугун уруп ойнобогон экс-министр Улуттук Госпиталдын башчысы кызматына келгенден бери дагы адатынча тендерлердин эсебинен, фармфирмалардын эсебинен жана врачтардын эмгек акысынын эсебинен капчыгын кампайтууну кое элек. Мындан тышкары врачтардын ставкаларын кадимкидей соодалайт экен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча 0,5 жана 0,25 болжол менен 8-10 миң АКШ доллары турат. Ставканы Динара Сагинбаевадан сатып алган врачтар «колтийбестик» укугуна автоматтык түрдө ээ болуп, ал эми Динара Зарлыковага чейин эле өз кызмат ордунда иштеп келе жаткан кызматкерлерди эгер төлөмдөн баш тартышса түз эле Абулгазиевдин «атын сатып», жумуштан айдайм деп коркутат экен. Республикалык ооруканада башка ооруканаларда жок тар чөйрөдөгү  адистиктер: сөөк-жаак хирургиясы, проктология, алакан микрохирургиясы, кан-тамырлар хирургиясы ж.б бар. Эгер кызматкерлер кокус жумушунан айдалса башка бөлүмгө жумушка орношоору күмөн.

Дагы мисал келтирсек, быйылкы жылдын июль айында кызматкерлердин эсебине маяналар эки эсе жогорулатылып которулган. Бирок ар бир кызматкердин эсебине эски эле суммадагы маяна түшкөн. Ошондо ортодогу айырма акча кайда кетти? Республикалык оорукананын бухгалтери бул көйгөйдү түшүндүрүүдөн баш тарткан. Мындан тышкары декреттик өргүүдө, эмгек өргүүсүндөгүлөргө дагы акча бөлүнгөн. Бирок тилекке каршы ал акча эч кимдин эсебине түшкөн эмес. Муну кандай түшүнсө болот? Бул жорук жеп-ичип аткандыгынын дагы бир көрсөткүчү эмеспи?!

Кечээ жакында Республикалык оорукананын 140 жылдык мааракесин белгилешти. Буга чейин бизге арызданган күбөнүн, оорукананын өкүлүнүн бири маалымат бергениндей ар бир кызматкерден маараке үчүн 2 миң сомдон, бөлүм башчыларынан 5 жүз АКШ доллары өлчөмүндө, Медициналык борборлордон мисалы ЮРФА — 250 миң сом, ал эми фармацефтикалык фирмалар 50-70 миң сом өлчөмүндө акча төлөөгө мажбур болушкан. Анан дагы конок катары чакырылган башка ооруканалардын, медициналык борборлордун жетекчилери, директорлор дээрлик бардыгы Динара Зарлыковнага «конверт» тапшырышкан. Кызыгы, ушул акчалардын бардыгы кайда кетти деген суроо жаралып жатат, жеген тамак ашына кызматкерлер өздөрү төлөп жатышса?!

Премьер-министр Абулгазиев Динара Зарлыковнанын алешем иштери тууралуу кабардар эмес чыгаар. Эгер бул маалымат, элдин үнү президентке, премьер-министрге чейин жетсе Саламаттыкты Сактоо, медицина тармагындагы коррупциялашкан дарактын тамырын кырккан болор элек.

Камчы Кадыров

Булак: «Де-Факто» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу