Динара Молдошева, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын төрайымы: “Кудай сактасын, Конокбаев менен эч кандай конфликт жок”  

Бу айымда кызматта болсо да, кызматсыз жүрсө да өзгөрүлбөй, бир калыпта жүргөн сапат бар. А кыргыз саясатчылары менен чиновниктеринде мындай сапат учурда “дефицит” экенин жашырганда не? Оош-кыйыш учурларда моюбагандыктанбы, кырктын кырына келгиче анын бир катар карьералык секириктерди багынтып келиши да ушул себептен болсо керек.  

— Динара айым, көлөкөдө күн кечирип жүрүп эле бийликчил партиялардын тизмесинде жок экениңизге карабай, бул кызматка келгениңиздин сыры неде?

— Мунун эч кандай төлгө кылчу сыры деле жок. Өзүңө белгилүү болгондой, буга чейин бир катар мамлекеттик кызматтарда, Жогорку Кеңеште, өкмөттө иштеп кеттим. Парламенттин депутаты, өкмөттүн аппаратында иштегенде азыркы премьер-министр Мухамметкалый Дүйшөкеевич менен чогуу иш алып баруулар болгон. Бул киши өкмөт башына келгенде азыркы кызматымды жетектеп берүүнү сунуштады. Ойлонуп, “жаш болгон соң иштешим керек” деген ниетим менен азыркы кызматыма Кудайдын буйругу менен келип отурам.

— Жылма журналист Талант Конокбаевди өзүңүзгө биринчи орун басар рангындагы тармактын статс-катчысы кызматына алып келишиңизге сиздин да салым болгонбу?

— Талант Абдыкадырович азыркы кызматына конкурс боюнча өзүнүн карандай мээнети астында өткөн. Тагыраагы, мамлекеттик кадр кызматы жарыялаган сынактын негизинде мыйзамда каралган баардык тиешелүү этаптардан өткөн соң талапкерлиги өкмөт башчысына сунушталат да, премьер-министрдин чечими менен дайындалат. Талант Абдыкадыровичке байланышкан ушундай процесстердин баарысы мен бул жерге жетекчи болгонго чейин эле болгон экен. Бирок, жумушка ал киши менден кийин келип киришти.

— Менимче, бул кишинин тикелей милдети тармактагы кадрдык саясатты жөнгө салат да, туурабы?

— Ооба, кайсы тармак болбосун статс-катчылар эң жогорку административдик кызмат наамында турушат. Кызматындагы эң биринчи профессионалдык милдеттери дагы кадрдык система менен иш алпаруу жана тармактагы каржылык системага, стратегиялык пландарга да статс-катчы тикелей жоопкер болот.

— Кандай болгон күндө да советтик системанын шинелинен чыккан кесиптешибиз оңой “карышкыр” эмес экени белгилүү. Кадрдык саясатты өзү колго алып жатса, сиз тармактын төрайымы катары ортоңордо ушул жаатта интрига, пикир келишпестиктер болуп кете элекпи?

— Андай болгон жок, жана болбойт дагы. Силер айтып-жазгандай, советтик системанын аксакалы болуп бараткан Талант Абдыкадыровичтен тышкары дагы бир ушул системада өсүп келе жаткан Самат Байзаков аттуу орун басарым бар. Иш боюнча үчөөбүз көз караштарыбызды бөлүшүп, консенсуска келип, кеңешип турабыз. Кудай сактасын, ортодо эч кандай конфликт жок.

— Буга чейин саясый кызматтарда жүрүп, азыркы тармакка сырттан келдиңиз. Мындай шартта маселени тээ түпкүрүнөн түшүнүп чыгуу кыйынчылыкты туудурбайт бекен?

— Бул тармактын “эки тизгин, бир чылбырын” колго алганыма үч айдын жүзү болуп калды. Башында бул кызматка сунуш түшкөндө чынында санаркоо, коркунуч сезимдери болду. Тармактын көйгөйлөрү менен мыйзамдарын, тиешелүү иш-пландарын күндүр-түндүр интернеттен, мыйзамдан карап чыгып окуганга туура келип жатты. Ишке чыккан алгачкы жума чынында оор болду. Анан калса, жумушубуздун  70-80%ы авторлор, ойлоп табуучулар баштаган чыгармачыл инсандар менен иштешүү түзөт. Учурда иштин 80%ын жадыбалдай жатка билип, өздөштүрүп калдым деп айтсам болот.

— Чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар ар кандай мүнөздө болушат. Интригандары, тээ алмустактан келаткан карышкырлары бар да. Ошолордун өйдө-төмөн сынына чыдап, туруштук берип иштей алаар бекенсиз? “Кылт” этип жаза тайсаңыз, сизди ала салдырып коюшпайбы?..

— Андай санаркооңо рахмат (күлүп). Ар бир шарт-жагдайда кепке келүү менен бир пикир табууга аракет жасап жатабыз. Чыгармачыл инсандардын биздин кызматка болгон бир эле – “автордук укук үчүн бизге азыраак акча төлөйсүңөр” деген дооматы бар экен. Алардын акчасын төлөш үчүн сөзсүз түрдө авторлордун ырлары ободо жаңырып жаткан телеканалдар, кафе-ресторандар, көңүл ачуучу музыкалык жайлар менен келишим түзүп, жакшы шарттарда иш алып барышыбыз керек. Бул боюнча атайын пландарыбыз менен алектенип жатабыз. Баса белгилөөчү жагдай, бизге түшкөн бир да тыйынды биз өзүбүздүн интеллектуалдык менчик кызматынын бюджетине калтырбайбыз, тийиштүү мамлекеттик салыктарын төлөгөн соң, баардыгын авторлорго жана укук ээлерине толугу менен бөлүштүрүп беребиз.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу