Динара Акулова: «Абдумалик ушул жашка келди, өзүн ойлобосо да өсүп келе жаткан балдарын ойлосо болмок»

Динара Акулова: «Фунтигим чоңоюп келе жатат, буйруса»

– Динара айым, интернеттеги постторуңузга караганда небере жытына балкып турган учуруңуз окшойт?

– Ооба, чынында небере бакыт экен. Ишенсең аны жыттап эле үйдө жатып жумушка чыккым келбейт. Бирок тиричиликти ойлосом, кайра туруп жумушка жөнөйм. Азыр абдан ширин убагы, ар бир кылыгын карап эле олтургум келет. Качан күлөт, качан отурат, качан сүйлөйт, эми качан басат деп олтуруп, билинбей убакыт өтө берет экен. Азыр Айгүн 2 жашка чыгып чуркап жүрөт. Кылыктарын карап олтуруп чарчаганым жазылат. Санаганды үйрөнүп алыптыр, элдер бир, эки… деп санап башташса, биз алты, жети… деп санап баштап атабыз. Апасы чалса ар кандай сөздөрү менен аны да күлдүрөт. Неберемди көрүп жүрөгүм балкып, ага арнап ыр жазып ырдасамбы деп жүрөм.

– Айгүндү ким карайт, бала багуучуңуз барбы?

– Айгүн үчүн баарынан баш тартып, эки жыл аны карап үйдө олтурдум. Бала багуучу алсамбы деген ой келген, бирок каалаган жокмун. Эгерде шашылыш ишим чыгып калса эжем эле жардам берип жатты. Кундуз деген жардамчы кызым бар эмеспи, көбүнчө ал жардам берет. Кудайга шүгүр, айланамда менин колума кол, бутума бут болгон жакшы адамдарым, жакындарым бар. Кичирайондордун бирине көчүп барсак, ал жакта онлайн бала бакча бар экен. Онлайн деп аты айтып тургандай, бала бакчанын ичи толук көрүнгөндөй 9 камера бар. Ата-энелердин телефону ага туташат экен да, каалаган учурда балаңдын эмне кылып атканын көрүп турасың. Бир күндө ар кандай убакытка калтырсаң болот экен. Канча саатка калса, ошого ылайык акча төлөйсүң. Мага абдан жакты.

– Кыздарыңыз кичине кезинде чыгармачылыкта катуу иштеп жүргөн убагыңыз эле, аларды ким карачу?

– Кыздарымды гастролбу, концертпи, кайда барбайын жаныма алып жүрчүмүн. Аларга каралашканга дайыма жанымда эки сиңдим болор эле. Ошентип жүрүп кыздарымдын кантип чоңойгонун деле билбей калыптырмын.

– Айгүндү карап туруп Маликанын кичине кези эсиңизге түшсө керек, экөөндөгү кандай окшоштуктарды байкайсыз?

– Ооба, Айгүндү карап олтуруп Маликанын кичине кези көзүмө элестей берет. Экөөнүн аябай көп окшош жактары бар. Мисалы, Малика көңүлү келсе көп иш бүтүрөт, эгерде көңүлү келбесе уктап жата бермейи бар. Айгүн да ошондой, көңүлү келсе ырдап, бийлеп жүрө берет. Көңүлүнө жакпаган адамга барбайт.

– Маликанын иши жабылганы тууралуу жакшы кабар угулду эле, ошондон кийин көңүлү тынчып Дубайга кетиптир да?

– Ооба, азыр Малика Дубайда эжеси менен иштеп атат. Өзүнө келип жакшы болуп калды. Кызына тез-тез телефон чалып турат. Малика — аябай ак көңүл, ишенчээк кыз. Жакын достору эле бирөөлөр аркылуу алдап коюшту. Маликанын жаңы төрөгөн учуру эле, алар паспортун сурап алып, бирөөнүн автоунаасын кызымын атына жаздырып туруп сатып качып кетишкен. Ошол шылуундар Маликадан кийин дагы эки кызды алдап кетишиптир. Малика паспортун эмнеге бердим экен деп алигече өкүнөт. Достун да досу бар экен, абайлап жүрбөй кызым кыйналып калды. Бул күндөр да өтөр, Кудайга койдум дегем. Аягы жакшы бүттү. “Жетим өз киндигин өзү кесет” болуп араң бүтүрдүм.

– Малика качан келет, чыгармачылыгы кантип атат?

– Азырынча келбейт го. Кетеринде 2 жакшы чыгарма жазып кетти. Клип да тартып баштады эле, тилекке каршы, бүткөнгө жетише албай калды.

– Учурда Абдумалик Шерматовдун камалганы тууралуу маалымат чыгып, кайсы жерде болбосун сиздин атыңыз илээшип жүрөт. Бул нерсе сизди капа кылган жокпу?

– Абдумалик балаңдын атасы экенин танып да, ката да албайсың, эл билет кызымдын атасы экенин. Бирок биз эки башка жолго түшүп, 20 жылдан ашык чогуу жашабай калган адамдарбыз. Менден кийин канча аял алды, канчаларын таштады. Андыктан ага мени кошпой эле жазышса болмок деп капа болдум. Көп аял ала берип акыры бирөөсү түбүнө жетейин деген го. Абдумалик ушул жашка келди, өзүн ойлобосо да өсүп келе жаткан балдарын ойлосо болмок. Азыр менден мурун да кызыма сөз тийип атат. Ансыз деле ак жерден күйүп ыза болуп жүргөн кызыма бир нерсе болсо эмне болот, ким жооп берет? Бала мага керек го. Малика — менин 7 жыл мазар кыдырып, ыйлап, Кудайдан тиленип тапкан кызым. Азыр анын кызы менен энесинен башка эч кимиси жок. Бизди кыйбай тиштенип чыдап жүрөт.

– Малика алдамчыларга туш болгондо ата катары абалын сурады беле?

– Бир жолу телефон чалып: «Болуп жаткан окуя чынбы?» — деп сурады. Мен болгонун айттым. Ошол бойдон жок болду.

– Жылда сентябрь айында туулган күнүңүзгө арнап концерт берчү элеңиз, быйыл койбойсузбу?

– Туура, жылда сентябрда концерт берчүмүн. Эми быйыл бере албай калдык. Анткени президенттик шайлоо болот деп ызы-чуу башталды. Жарнама иле турган, иштей турган жерлердин баары шайлоо менен алек. Шайлоодон кийин деле берсем болот. Мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө карата башка өлкөлөрдө чоң фестивалдар өтмөкчү, ошолорго чакыруу келген, азыр даярданып атабыз. Анын үстүнө күз келип тойлор башталды. Өзүм курактуу достор уул үйлөп, кыз узатып жетишпей атам. Элибизде «Кудайдын кулагы сүйүнсүн» деген жакшы сөз бар го, анын сыңары жакшылык эле боло берсин.

Булак: Lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу