Коомдук биринчи каналдын мурдагы диктору Чынара Капарова КТРканын байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлигин койду.
КТРКанын байкоочу кеңешиндеги бош болгон бир орунга Чынара Капаровадан башка дагы 4 кандидат талапкерлигин койгон. Алар: Ааматов Маркабай, Атыркуль Сарыбаева, Мирбек Мурзабеков жана Нургазы Мусаев.
Талапкерлерди бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети карайт.
Бош турган орунда буга чейин Айгүл Жунушалиева болчу. Ал өз каалоосу менен байкоочу кеңештен чыккан.
Булак: Калыс Медиа