Диана Оролова, «Мисс грация Бишкек 2014» жана «Мисс Фейсбук 2015» жеңүүчүсү: Болочоктогу жолдошумун ата-энесин өз ата-энемдей сыйлап бирге жашоого дайым даярмын.

Сулуулук дүйнөнү сактайт

Табият берген сулуулук менен билимди катарлаш тарбиялап, кыргыз элине кызмат кылып ак менен караны калыс кароого багыт алган кыздарыбыздын бири Диана Оролова. Фемиданын таразасын так кармоого ант берип, келечектеги мыкты адистердин катарын толуктоо менен бирге модельдик мектептерден билим алып, тынымсыз күжүрмөндүктүн артынан «Мисс грация Бишкек 2014» наамына татыса, фейсбук баракчасынан сымбаттуу бийкечтердин арасынан тандалып келип «Мисс Фейсбук 2015»  жеңүүчүсү аталган. Ал эми учурда  сабактарынан тышкаркы убактысында кыргыз элине эмгек синирген  Гулшан Молдоеванын  журналистика боюнча окуу курсунда билим алууда.

 

Аты-жөнү: Оролова Диана Шаршеналыевна
-Жаш ченеми:19 жашта

-Жылдыз төлгөдө: Бийкеч

-Билими: Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиянын соттук-териштирүү факультетинин студенти

-Жердиги: Кичи мекени Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тельман айылы. Кант шаарында төрөлүп өскөн.

-Жер которууга даярсызбы?

-Чүй боорунда чоңойсом да кичи мекеним болгон Жалал-Абад шаары өзүнө тарта берет. Балалык көз ирмемдерим чоң энем менен бирге өткөн, ошол күндөр көз алдыман кетпейт.

-Жашоонун күтүүсүз белектерине даярсызбы?

-Жашоодо күтүүсүз да күттүргөн да өзгөрүүлөр болуп турат, турмушка чыгамбы же кесиптик жумуш мененби айтор турмуштун өзгөрүүсүн туура түшүнүү менен кабыл алууга даярмын.

-Кайын журт менен бирге түтүн булатууга кандай карайсыз?

-Болочоктогу жолдошумун ата-энесин өз ата-энемдей сыйлап бирге жашоого дайым даярмын. Анткени кыялымда көп бир туугандуу чоң үй-бүлөгө туш болсом деп келем. Канчалык бир тууган жакындары көп болсо адам ошончолук өзүн бактылуу сезиш керек деп түшүнөм.

-Мыкты аялзаты кандай сапаттарга ээ болушу керек?

-Төгөрөгү төп келген аялзаты ыймандуу, боорукер, сабырдуу, токтоо мүнөз, жолдошуна кеңешчи, акылгөй сапаттарга ээ болушу шарт.

-Жан дилиңиз менен даярдаган даам…

-Баардык тамактарды даамына чыгарып жасай берем. Анткени жакындарымды даамдуу, чүйгүн тамактар менен кубантууну жакшы көрөм. Ал эми өзгөчө даярдаган тамак бул аш демдөө болуп саналат.

-Чыныгы мырза сиздин көз караш менен…

-Төгөрөгү төп келген мырза деп жан дүйнөсү бай,  аң сезими кенен сөзүнө бекем, ата-эне бир туугандарына кам көргөн, кыйналганга кол сунган мырзаларды эсептейт. Билим менен күжүрмөндүгү төп келип турган жогорку сапаттардын баарысын өзүнө камтыган мырзалар төгөрөгү төп келген мырзалар болуп саналат.

-Алтынга тете мүнөзүңүз…

-Менин эч нерсеге алмашкыс калыптанган мүнөзүм көп, бирок арасынан өзүм баалаганым чынчылдык менен ар намыс болуп эсептелет. Ата-энем бала кезимен чындыктан тайбай, кыргыздын намыстуу кыздары бол деп тарбиялашкан. Ошондон уламбы айтор, акыйкатсыздык болуп, чындык чыркырап күйүп турса карап отура албайм. Чындыкты жашыра албайм, ичимен мите курттай жеп турат.

-Сөзгө бексизби?

-Айткан сөзүмө бек, убадага так элемин. Бирөөгө бир нерсе убада кылсам айткан сөзүмдү так аткарууга болгон күчүмдү жумшайм.

Сизди издеген адам кайдан тез табат?

-Мен көбүнчө кофейняларда көп отурам. Ал эми социалдык тармактардан Инстаграм (diana_orol ) жана фейсбук баракчасынан (Диана Оролова) тапса болот.

 

 

Булак:argument.kg

Дамира Саалиева

Аргумент.kg
Жооп калтыруу