Диана: «Күйөөм эки күндүк рахат үчүн мени менен ажырашты…»

Менин атым Диана.  Мен да күйөөм менен ажыраштым, бир жыл боло элек. Бир, эки күндүк рахат үчүн телефондо кыздар менен жөн гана сүйлөшөм деп,  үй- бүлөбүз бузулду. Ойнош ойноду, көчөдө жүрдү. Мен менен жашабайм деп да жүрдү. Менин да  көңүлүм калды.  Ошондой кылыктарына менда айттым эмнеге? Эмне  үчүн анда  үйлөндүк деп, ыйладым арыктап жүдөдүм. Боюмда болду,  кудайым буюруп кыздуу да болдук,  кызына көңүл барган деле жок. Көп өтпөй Мосвага кетти,  мени,  «Үйүңө кет жашабайм»- деп, кайра келди Москвадан иштей албай эч нерсеси жок. Кайра жашап калдым кайнатамдын  сөзү деп. Кызын көрүп өзгөрөр дегем, бирок мамилеси мурункудай, өзгөргөн жок.  Көнгөн адаты калбайт экен,  кайра эле ойнош таап, иштебей жүрдү. Чындыгында чыдамым кетти. Чыдай албадым, көңүлүм,  жүрөгүм муздады. Эмне кылсам деп башым катты…

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу