Диана: «Жигитим сага үйлөнөм го»-деп кыздыгыма тийди. Бирок…

Келип түшкөн каттардын арасынан жигитине алданып калган кыздардын окуялары көп. Ошондой суроолордун айрымдарына психолог Тамара Воронцова жооп берди.

Үйлөнөбүз деп кыздыгыма тийди

Саламатсызбы! Сүйлөшкөн жигитим «үйлөнөбүз»,- деп кыздыгыма тийген. Качан деп сурасам, «эмдиги жылы»,-деп жатат. Эмне кылсам болот? Мага кеңеш бериңизчи. 

Психологдон жооп

Саламатсыңбы кымбаттуум! «Кыздыгыма тийди» дегениң абдан кызыктуу сөз экен. Ошондо тийдиби же алып койдубу? Кыязы, ортоңордо жакындык болгон.

Жигитиң кийинки жылы үйлөнөбүз деп жатса, сага сөйкө салып коюшун макулдашып алгыла, ал эми тойду даяр болгондо өткөрүп аласыңар.

Эгерде ал сага куда түшүүдөн жана үйлөнүүдөн баш тартса, эч чөкпө, демек ал сенин тагдырың эмес.

Башканы жолуктуруп, сөзсүз бактылуу болосуң!

Дүүлүктүрүүчү дары берип…

Өзүмдөн 5 жаш улуу жигитке алданып калдым. Анын ар бир сөзүнө ишенгем. Бирок, мен ойлогондой болбоду. Кармана албай, намысымдан ажырадым. Көрсө, мага дүүлүктүрүүчү дары берип коюптур. Ошондон кийин эркек дегенди көрөйүн деген көзүм жок. Аларга ишенгим да келбейт. 

Психологдон жооп

Кымбаттуум, канча жашта экениңди жазбапсың. Себеби 15 жашта башка, 30да башка кеңеш берилет.

Эсиңден чыгарба, моралдык жактан кандай болсоң ошол бойдон калдың, жаман болуп кеткен жоксуң. Өткөндү көп ойлоно бербе.

Бизде эркектер жаш кезинен кылган иш-аракетине жооп берүүгө үйрөнүшкөн эмес.

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Курбуларыңа да айтуунун кереги жок. Бүгүн дос болгон адамың, эртең сатып кетиши мүмкүн. Баарынан жакшысы апаңа айтканың туура болмок. Бирок, айрым учурларда эне менен кыздын ортосунда сырдашуу, бири-бирин түшүнүшүү жок болуп, айыптан башка эч нерсе айтылбайт. Эгер сенде ушундай болсо, сырды өз ичиңде сактаганың оң.

Кийинки жашооң кандай болоору туралуу психологго кайрылып көр. Эң негизгиси, «мен бактылуу болууга татыктуу эмесмин», — деп эч качан ойлобо.

Сенде баары жакшы болот!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу