Диабет оорусу эмне себептен күч алууда?

Адистер диабет оорусунун алдын албаса алдыңкы кырк жыл ичинде көптөгөн адамдар диабет оорусуна кабыла тургандыгын эскертет. Анын башкы бирден-бир себеби туура эмес тамактануу болуп саналат.

Курамы карбонгидратка жана глютенге бай тамак-аштар диабет оорусунун пайда кылуучу факторлордун бири. Өзгөчө учурда нан жана макарон тамак-аштарын көп колдонгондугубузга байланыштуу, көптөгөн адамдар диабет оорусу менен жабыркап жаткандыгы айтылат.

Диабет оорусуна чалдыккандар ооруну жок дегенде азайтуу үчүн, туура тамактануу жолун көзөмөлдөө кажет. Бул ооруга кабылгандар дарыны ар дайым колдонгонго туура келет. Дарыда инсулин болгондуктан, ал буттардын кесилүүсүн пайда кылат. Бөйрөктөр иштен чыгып, жүрөк оорусуна себеп болот.

Эгерде сиз аталган оорудан оолак болгуңуз келсе, анда курамы карбонгидрат жана глютенге бай тамак-аштардан баш тартууңузга туура келет.

Диабетке кабылгандар кандай тамактануу керек?

Диабет оорусун жеңилдетүүнү кааласаңыз, анда оливка жана каймак майды колдонгондон коркпоңуз. Кайнатма шорпо, айранды үй шартында уютуп колдонгон дагы жакшы.

Жашоодо шекер колдонгонду унутуп эле коюңуз. Көнүгүү жасап, спорт менен машыгып жана жөө басканды адатка айлантыңыз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу