Джонни, ырчы: «Сүйгөнүмдөн ажырагандан кийин бир жылдай өзүмө келе албай жүрдүм…»

Акыркы күндөрү «Күттүм ай» деген ырды укпаган адам  калбаса керек . Учурдун хитине айланган ырдын автору, аткаруучусу көпчүлүк күйөрмандардын кызыгуусун арттырып келет. Жашоодогу Жаныбек, шоу-бизнестеги Джонни менен болгон маек бойдок кыздарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.

— Жаныбек, маегибизди атыңдан баштасак. Кандайча Джонни аталып калдың?

— Өзүмдүн аты-жөнүм — Жаныбек Жеңишбеков. Ал эми Джонни деп мектептен классташтарым аташчу. Кийин училищеде ушул ат менен таанылдым. Ойлонуп көрүп сахнага да ушул ысым менен чыгууну туура көрдүм. Себеби жаттоого жеңил жана заманбап. Ата- энем жана бир туугандарым гана Жаныбек деп кайрылышат. Досторумдун арасында өз атым Жаныбек экенин билгендер аз болсо керек.

— Байкашымча шоу чөйрөсүндө досторуң көп экен. Буга чейин кандай иш менен алек болуп келдиң?

— Бардык ырчылар  сыяктуу эле чоң сахнага  чейин кафелерде ырдап  жүрдүм. Кафе, ресторандарда 10 жыл иштедим, азыр да бош күндөрү  барып ырдап калам. Кийин 5 досум менен Орусиянын Сахалин шаарына иштеп кеттим. Ал жактан клубдарда балдар менен биргеликте шоу- бийлерди койчубуз. Музыкалык окуу жайда жүргөндө ырчы достор менен бир курста окуп калдык. Ошондон бери көп ырчылар менен таанышып, достук мамиледемин. Достор бири-бирибизге жакшылыктарда көмөктөшүп келебиз. Чыгармачылыкка аралашуума да кайсы бир деңгээлде моралдык жактан досторум жардам беришти. Андан сырткары продюсерим “Ekarecords” студиясынын жетекчиси Эрнест Уметалиев да чыгармачылыктагы ордумду табууга чоң жардам берди. Ортодо 3 жылдык келишимибиз бар.

— Эл оозуна алынган “Күттүм, ай” ырыңдын жаралуу тарыхын айтып берсең?

— Буга чейин “Жашоо керемет”, “Байланам” деген эки ыр жазгам. Бирок алар мынчалык хит болгон эмес. 2018-жылдын май айында “Күттүм, ай” чыгармасын жаздырдык. Негизи ыр эки жыл мурда эле даяр болгон. Сахалинде иштеп жүргөндө бир кыз менен таанышкам. Сүйүүбүз 3 жылга уланды. Бирок кийин таарынышып эки башка жолго түштүк. Андан ажырагандан кийин бир жылдай өзүмө келе албай жүрдүм. Ыр ошондогу сагынуу, күтүү учурунда келип чыккан. Гитара менен достордун арасында ырдап калсам “ушул ырың хит болот” дешчү.

— Кайра табышкан жоксуңарбы?

— Мен Кыргызстанга  келе бердим, ал ошол жакта калды. Бул ырым ага арналганын өзү деле билбесе керек.

— Эгер кайрадан кезигип калсаңар сүйүү жанданышы мүмкүнбү?

— Кокус алдыман чыгып калса учурашып, ал- акыбалын сурап койсом керек. Бирок кайра мамилени жандандырууга мүмкүн болбой калды го. Адам унутулбайт, бирок сезим деген сугарып турбаса өчөт экен.

— Бул ырдын клиби да талкууга алынды. Каарман катары Бек Исраиловдун келинчегин тандапсың…

— Негизи клип шашылыш тартылып калгандай сезим калтырды. Балким сценарийин дагы иштеп чыгуу керек беле, билбейм. Бек Исраилов менин досум, Айжаркын аяшым болот. Режиссёрго Айжаркынды клипке тарталы деп сунуш киргизсем макул болду. Азыр жолдошу кызганган жокпу деген пикирлер айтылып атат. Кызгангыдай деле ачык сценарий болгон жок. Айжаркын жөн гана актёрдук чеберчилигин көрсөттү.

— Чыгармачылыгыңды ким каржылайт?

— Продюсерим экөөбүз кеткен чыгымды да, түшкөн кирешени да 50 пайыздан тең бөлөбүз деп сүйлөштүк. Үйдөгүлөр моралдык колдоо көрсөтүп турушат. Эми 28 жашка чыккыча каржы жагынан туруктуулукка жетише албасам уят го дейм.

— Кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуң?

— Ата-энем пенсияда. Өтө бай адамдын баласы эмесмин. Алты бир туугандын бешинчисимин. Туугандардын баары ырчылыкка жакын, чыгармачыл адамдар. Жаш кезинде апамдын ырчы болууга аябай ниети бар болчу экен. Таенем “кыз кишиге ырчы болгон жарашпайт, үй-бүлө  күтүп, бала төрө”, — деп каршы чыгыптыр. Азыр апам “менин жетпеген тилегиме сен жеттиң. Ырчы болбой калганыма деле өкүнбөйм. Алты балалуу болдум, силер менин келечегимсиңер” -деп калат. Эң кичүү карындашым да ырдагысы келет, үнү мыкты. Балким келечекте экөөбүз дуэт аткарып калаттырбыз.

— Кандай кыз жүрөгүңө жагат? Келечектеги түгөйүңө өзгөчө  талаптар барбы?

-Тазалыкты өтө жакшы көргөндүктөн тыкан, тың кыз болсо дейм.  Ата- энемди, бир туугандарымды, мени сыйлоосу керек. Мындан сырткары укмуш деле талабым жок. Бири-бирибизди жактырсак калган турмуш биздин колдо деп эсептейм. Былтыркыга караганда азыр күйөрман кыздарым көбөйдү. Жылуу пикирлерди жазып турушат. Бирөө кат жазса жоопсуз калтырмай деген менде жок. Сөзсүз убакыт таап ыраазычылыгымды билдирем.

— Кыздардын сырткы келбетине кандай талап коёсуң?

— Модель кыз керек деп айтпайм. Көзүндө жылдызы болсо, күлүп турса болду. Тилекке каршы, азыркы учурда кыздардын көбү жасалма сулуулукка басым жасап атышат. Мен нукура сулуулукту баалайм. Инстаграмга кирсең кирпиктери узун кыздар жайнайт. Кыздардын боёнгонуна каршы эмесмин. Бирок өтө көп боёнгон, чачын кыска алып жүргөн кыздар жага бербейт.

— Өзүңдүн мүнөзүң кандай?

— Тамашакөймүн. Кээде ашкере тамашалап таарынтып алмайым бар. Бирок өзүм таарынсам бат эле жазылам. Өзүмдү  үй- бүлөгө карамдуу болот болушум керек деп ойлойм. Анткени кичинекей балдарды аябай жакшы көрөм. Үйдөгү чарба иштерин жасаганды жактырам.

— Убакытка так экенсиң. Дегеле бош убактың көп болобу?

— Убакытка тактыгым тарбиядан деп ойлойм. Мектепте да талап катуу болчу. Жакшы окугам. Жогоруда айтпадымбы Сахалинде иштегем деп. Ал жакта да тартип катуу болчу. Чөйрөң кандай болсо ошого ылайык адаттар адамда калыптанып калат окшойт. Ал эми бош убактымды комузда, пианинодо, баянда, гитарада, чопо чоордо ойноп өткөрөм.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу