Джоннинин «Күттүм, ай» ырын Кайрат Нуртас автору уруксат бергиче күтпөй ырга аранжировка жаздырып, үн түшүргөнгө жетишкен

Жакында эле Казакстандын мегажылдызы Кайрат Нуртас студияда кыргыз ырчысы Джоннинин ’’Күттүм, ай” аттуу ырын казакча которуп ырдап жаткан видеону интернеттеги өздүк каналына жарыялады. Көптөгөн интернет колдонуучулары “кимдин аткаруусу мыкты?” деген сурамжылоо өткөрүүгө да жетишишти. Ал жакта “Кайрат да сонун аткарыптыр” деген пикирлерди жазгандар көп. Гезитибиздин өткөн сандарында Джонни “ырымды Кайрат Нуртастын менеджери чалып сураганда ойлонуп көрүүнү туура көрдүм” деп маек берген эле. Бирок Джоннинин ырына ашык болгон Кайрат автору уруксат бергиче күтпөй ырга аранжировка жаздырып, үн түшүрүүгө жетишкен. “Кымызды суусаганга бер” демекчи, эми ырды казак жылдызына Джонни белек катары береби же сатабы, азырынча белгисиз. Джоннинин продюсери Эрнест Уметалиев азыркы тапта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады. Ал эми Джонни болсо аталган ырга клип тарттырып, элге тартуулады. БУЛАК: Супер Инфо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу