Джеки Чандын түрмөдөн чыккан баласына жазган каты…

2015 – жылы Джейси боштондукка чыкканда Джеки Чан “Ажыдаардын кылычы” киносунун бет ачаарын уюштуруп жүргөн. Уулун тосо абай калып, ага видео тартып жиберген. Видеосунда төмөнкүдөй деп айтылат:

Уулум, биз көптөн бери көрүшө элекпиз. Сенин атаң, адаттагыдай эле иштегени кетип калды. Ооба, кичинеңде да кино тартуудан колум бошочу эмес. Экөөбүз чанда гана көрүшүп турчубуз. Сени көргөн сайын, чоңоюп, бой жетип калганыңды байкайм. Бул жолу да ошондой болду. Мен сага айткым келет, уулум, мен сага ачууланган жокмун. Жаштык кезде мен да ката кетиргем, эң негизгиси – аларды оңдоо. Сен, чыныгы эркек катары, каталарыңды мойнуңа алышың керек. Кандай болгон күндө да, апаң экөөбүз ар дайым сени колдойбуз. Сен иштериңди бүтүргөнчө, менин да жумуштарым аяктап калат, анан чогуу кытай жаңы жылын тособуз.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу